Акаев, Бакиев режимдеринде “майталкан” кызматтарда иштеп келген Искендер Гаипкуловду ким билбейт? Бир катар жетекчилик, министрлик кызматтарды аркалаган. 2010-жылдан кийин гана бийликке жетпей калган. Өткөн жылы “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого аттанып, азыр депутаттык мандатын күйөөгө тийчү кыздай эле күтүп отурат. Жөн отурбай “Каганат” аттуу сайт ачып алып, бийликти жана өзүнө жакпаган адамдарды шыбатып коймой жагы бар. Маселен, А.Кадырбаев, С.Өмүрзаков, Р.Матраимов ж.б. түштүктүн тыңчыкмаларына ыксыз асылганы кандай? Карманган куралы ушак жана имишке айланганда…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ