Menu

“Идеологиялык согуш” же кыргыздын “7” кемчилиги

Бөлүшүү:

Төмөндөгү жазылган окуя тууралуу Байас ТУРАЛ агай айтып берген эле. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин эстеген сайын жүрөк дүркүрөйт, денемди муздак тер басат, ыйлап дагы жиберем кээде. Окугула, ойлонгула, ойгонгула!

–  Кыргыздардын ата-бабалары жоокер, баатыр эл болгон. Алардын канында дагы деле Манастын духу жашап келатат. Ошондуктан алар сырткы күчтөрдүн кысымына жөн эле макул болуп беришпейт. Жогоруда сиз айтып жаткан ЦРУнун программасы ишке ашпай калышы да мүмкүн?

– ЦРУ иштеп чыккан Программа боюнча Кыргыз Республикасын талкалап жок кылуунун «төрт» варианты бар. Мен сиздерге, алдыда анын «эки жолун» айттым. Анын «үчүнчү жолу» кыргыздардын айыл чарбасын, өнөр жайларын талкалап, алардын жашоосун адам чыдагыс абалга чейин алып келүү болуп саналат. Салыштыруу менен айтайын: мисалы, уй чычып кеткен бокту бир жумадан кийин оодарсаңыздар, алдында «таракан» кептенген «көгүш-боз курттар» пайда болот, кыргыздар дал ошол курттардын кейпин кийет. Өмүрүндө базарга чыкпаган кыргыз базарга чыгып, сата турган эч нерсеси жок, эптеп бирөөнүн бир пачка тамекисин алып, аны «дааналап» сатып, оокат кылып калат. Кыргыз кыргыздын канын сорот: Ош базарынан 20 сомго алган сууну, Нарынга алып барып 25 сомдон сатат; 5% менен чет өлкөлүк инвестор алып келген кредитти кыргыз өзү кыргызга 15% менен берет.

Кыргызстандын тагдыры өтө оор болот: Улуттук маданият «массалык маданият» менен алмашат. Советтик билим берүү системасы толук талкаланат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Мамлекеттин эмес, оорулуулардын эсебинен жашап калат. Өлкө башчылары, министрлер жана депутаттар ар кандай жолдор менен сатылып алынат. Алар үчүн өтө чоң суммадагы акчалар каралган. Бул Борбор Азияны башкаруу үчүн ЦРУ атайын иштеп чыккан проекттин негизинде ишке ашырылат. Анын үстүнө кыргыздардын негизги «жети» кемчилиги бар экени такталып, ал толук анализге алынган. Программа бүт ошол кемчиликтерди эске алуу менен түзүлгөн.

–  Ал эмне болгон кемчиликтер? Аны сиздер кайдан билесиздер?

–  Бул «жети кемчиликти» изилдеп, тактап чыккан окумуштуу адамдардын кээ бири ушул жерде, азыр сиздердин араңыздарда отурушат. Алар кыргыздарды көп жылдар бою изилдешкен. Дээрлик көпчүлүгү кыргыздардын арасында төрөлүп-өскөн адамдар. Мисалы, ал кемчиликтер булар:

  1. «Камырство-мамырство»

Кыргыз тилинде: «камырабаган», «кенебеген», «кебелбеген», «тоготпогон», «кайдыгер караган» деген сөздөр бар. Жогорку термин дал ушул сөздөрдүн негизинде пайда болгон. Кыргыздар чын эле ушундай элби – аны бизге караганда сиздер жакшы билесиздер? Биздеги маалыматтар боюнча, кыргыздар ушундай эл: алар өтө жай кыймылдашат, көп нерсени кенебейт; анан дагы абдан чынчыл, таза, ишенчээк калк. Башка элдерге жамандык кылышпайт, жамандык кылбагандан кийин, алар да бизге «жамандык кылышпайт» деп, башка элдерди да өздөрүндөй ойлоп, эч кимден шек санашпайт. Кыргыздын эң башкы кемчилиги жана өтө чоң катасы ушул. Кыргыздын ишенимине ээ болуу – ал жалпы жеңиштин жарымы. Бул оңой эле ишке ашат. Анткени, кыргыздар жаңы, жакшы нерселерди баалаган жана аларды өздөштүрүүгө шыктуу, өтө таланттуу эл. Сырткы күчтөр кыргыздарга жаңы, кооз идеяларды жана жаңы технологияларды алып келишет. Сыртынан караганда алардын баары укмуштай көрүнөт, бирок ал идеялардын көбү элди ичинен бузат.

  1. «Керейство, чуйру-мурство»

Кыргыз кызматка барганда «керейип», «керсейип», эч кимди «тоготпой», «мурчуюп», «чүйрүйүп», өзүнчө каада күткөндү жакшы көргөн калк. Бирок, бул айтылган мүнөз чынында, ал негизинен Совет бийлигинин тушунда мурунку малайлар менен кулдардын тукумдарынан калыптанган «элитага» тиешелүү. Сырткы күчтөр негизинен дал ушул Совет бийлиги калыптандырган элитага жана алардын балдарына таянат. Анткени, алар сыртынан «кыргызга» окшошуп турушканы менен каны, ой жүгүртүүсү баары бир башка. Ошондуктан аларга Совет бийлиги кандай мамиле кылса, эртең Кыргызстанды талкалоо үчүн сырттан келген күчтөр да аларга дал ошондой жылуу мамиле жасайт.

Тескерисинче, бул мүнөздүн чыныгы кыргыздарга эч кандай тиешеси жок. Чыныгы кыргыздар империялык ой жүгүртүүнү алып жүргөн ак сөөк эл. Аларды Совет бийлиги кырып жок кылган, бирок интеллигенциянын арасында алардан калган урпактар дагы деле бар. Көбүнүн жүрөгү түшүп, сары суусу алынып калганы менен баары бир алардын канында башка «дух» жашайт. Ал, силер айтып жаткан Манастын духу! Улуу идеялар менен улуттук ураандарды да ошолор көтөрөт. Өздөрү орто же кедей жашашканына карабай, элдин туура же туура эмес жол менен баратканын ошолор эскертип айтып турушат. Коркунуч дайым ошолордон чыгат, сырткы күчтөрдүн ишине дайым ошолор тоскоолдук кылышат. Эгер эл кырдаалды туура түшүнүп, улутчул уул-кыздарын колдоп, алар бийликке келсе, анда сырткы күчтөрдүн программасы ишке ашпай калышы мүмкүн?

  1. «Жетеленме манги тап»

Кыргыз кийинки 100 жылдан ашуун убакыт ичинде орустун кол алдында тургандыктан, элди башкарган элита оруска кошоматчылык кылган эки жүздүү адамдардан калыптанып, аларды ээрчиген эл «жетеленме», өз алдынча иш кыла албаган «маңыроо», «маңги баш» элге айланды. Бир кезде улуу империяны түзгөн жана аны бир нече кылымдар бою башкарып, бүтүндөй бир зор аймакка өзүнүн саясый жана маданий таасирин тийгизген улуу Кыргыздын тукумдары азыр дээрлик жокко эсе. Болсо да алардын тарбиясы жана духу башка. Ошол улуу кыргыздардын бүгүнкү урпактары, кайсы бир анекдоттогу «козулар» менен кошо чоңоюп, койлорго окшоп калган арыстандардын «күчүктөрүн» элестетет. Бир кезде эл башкарып, кол ээрчиткен кыргыздар бүгүн өздөрү башка элдерди ээрчип жашоого көнгөн. Б.а. комформизмдин таасирине кабылып, бузулган элдердин жаман жүрүм-турумун туурап, ошолорго окшошуп жашоону адат кылып, аны өнөргө айланткан эл болуп калган.

Эл аралык терминдердин ичинде «гелминтос» деген сөз бар, ал «ичи толо мите курт» дегенди түшүндүрөт. Дал ошол сыяктуу «делминтос» деген дагы бир сөз бар. Аны кыргыз тилине которгондо «котур», «бөрү жатыш» дегенди билдирет. Кыргыз келечекте дал ушундай «гелминтос» жана «делминтос» элге айланат.

  1. Искусстводогу башаламандык жана музыка менен жаштарды тарбиялоо

Жаштарды тарбиялоодо искусство өзгөчө орунда турат. Искусствонун башка түрлөрүнө караганда, айрыкча музыканын жаштарга тийгизген таасири өтө күчтүү. Ошондуктан сырттан келген күчтөр адегенде өздөрүнө сатылган адамдар аркылуу «Бизге классиканын кереги жок, биз өзүбүздүн элдик традицияга өтөбүз!» деген ураанды көтөрүшөт. Аларды акчага сатылган дагы бир топ коштоп «Биз Чайковскийсиз, Бетховенсиз эле жашап келгенбиз, азыр да эң сонун жашайбыз!» деп кыйкырышат. Кыргыз дароо өзүнүн салттуу музыкасына өтөт. Ошентип алар классикалык музыкадан ажыратылат. Театрга эл барбай калат. Акырындап кыргыздын музыкасы отуруштун деңгээлине түшөт. Кыргыз аш-тойлордо гана ырдалган, сүлкүлдөп бийлегенге ылайыктуу жеңил ырларды угуп калат, профессионализм жок болот.

– «Башка түрк элдеринен айырмаланып, кыргызда «кара күүлөр» деп аталган чоң күүлөр бар. Европалык музыка изилдөөчүлөр кыргыздын ошол кара күүлөрү Европанын мыкты классикалык күүлөрүнөн кем эмес экенин дайым белгилешкен. Эгер кыргыздар кара күүлөрүн кайра улантып өнүктүрүшсө, анда алар үчүн европалык музыкадан ажыроо андай деле чоң жоготууга алып келбейт.

– Сөз жок нерсени өздөштүрүү жөнүндө эмес, бар нерсени жок кылып алуу тууралуу болуп жатат. Анан албетте, калыптанып калган адамдарды кайра өзгөртүш кыйын, ошондуктан программа 40 жашка чейинки курактагы жаштарга таасир берип, аларды кайра тарбиялоо максатын көздөйт. Адатта жаштар, өз элинин болобу же башка элдикиби, классикалык музыканы дайым эле берилип жана түшүнүп уга бербейт. Ошондуктан Кыргыздын кара күүлөрү «секс-поршен музыка» деп аталган ыргактар кайра иштелип чыгат. Андан башка, жакында бул жерге, азыркы өнүккөн техниканын эң мыкты үлгүлөрү болгон: компьютерлер, чөнтөк телефондор жана телевизордун жаңы түрлөрү келет. Анан ал компьютерлерге да, чөнтөк телефондорго да жаштарды буза турган «секс-поршен музыка» менен порнографиянын ар кандай түрлөрү салынат. Ошентип советтик кинону порнография менен ал эми советтик музыканы «секс-поршен музыка» деп аталган музыка менен талкалап, жок кылышат. Кафе, ресторандарда дубалга илинген телевизорлор аркылуу, жаштарды алаксыткандан башка эч кандай максаты жок, жарым-жартылай жылаңач аялдар ырдап-бийлеген жеңил музыкалар күнү-түнү тынбай ойнолуп турат. Ал эми порнографиянын түрү суук үлгүлөрү менен «секс поршен музыканын» жаш уландарды дүүлүктүрүп, жиниктирген ыргактары интернет аркылуу дүйнөгө жайылып, кечки клубдарда кеч киргенден таң атканча тынбай көрсөтүлөт. Жогоруда айтылгандай: улуттук маданият «массалык маданият» менен алмаштырылат; советтик билим берүү системасы толук жок кылынат; жарандардын ден-соолугуна камкордук көрүү – ал мамлекеттин эмес, жарандардын өзүнүн ишине айланат.

Андан башка жеңил музыканы жайылтуу жана жаштарды бузуу үчүн көптөгөн теле-радио станциялар курулуп, жаңы жеке менчик гезит-журналдар ачылат. Алар аркылуу жалаң адам өлтүргөн, аял зордуктаган маалыматтар менен кошо «секс поршен музыканын» «онтогон» жана кыйкырган аялдардын «кыңшылаган» үнүнө толгон ыргактары кайра-кайра жаңырып, тынымсыз берилип турат. Бул музыканы бир жыл уккан адам башка музыканы уккусу келбей калат. Он жыл уккан адам таптакыр башка адамга айланат. Ошентип жашоону башкача элестеткен адамдын жаңы түрү өсүп чыгат.

5.Адабият жөнүндө

Акын-жазуучулар – бир гана көркөм чыгарма жазган таланттуу адамдар эмес, алар табият тарабынан өзүнө берилген таланты менен үй-бүлөнүн деңгээлинде адамды «адам» кылып тарбиялап келаткан мугалимдер, ал эми мамлекеттик деңгээлде улутту «улут» кылып калыптандырып келаткан тубаса «идеологдор» болуп саналат. Ошондуктан Советтик система өзүнүн акын-жазуучуларынын жана окумуштууларынын эркин иштеши үчүн керектүү шарттарынын баарын түзүп берип, алардын укуктары менен жазган чыгармаларын мамлекеттик деңгээлде коргоого жана колдоого алып, ал эми өзүлөрүн башкы идеологдорго айлантып, колдонуп келатат.

(Уландысы бар)

Назира Кулболдиева

Булак: “Асман+”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: