Menu

Э.Эрматов «Мекенге таазим» фестивалынын жыйынтыктоо иш чарасына катышты

Бөлүшүү:

«Мекенге таазим» фестивалынын алкагында өтүп жаткан “Жаңы ысымдар” адабий сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү анык болду. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясы билдирди.

Иш чараны жыйынтыктоо жана сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз эл акыны  Э.Эрматов катышып, сынактын жеңүүчүлөрүнө жана бардык катышуучуларына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылган, жалпы суммасы 80 миң сомдон ашык болгон төмөндөгү китептердин топтомун  ыйгарды: “Кыргыз энциклопедиясы” 1-9-томдору, Сагын Акматбекованын «Жандептер», Төлөгөн Мамеевдин  “Жан дүйнө жаңырыгы”, Тойчубай Субанбековдун «Төө комдоттун уясында»,  Мелис Абакировдун “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”,  Мурза Гапаровдун “Тандалмалары”, Эгемберди Эрматовдун “Исфайрам аваздары”, Ашым Жакыпбековдун  «Лунная ведьма», «Рассказы» аңгемелер жыйнагын, (котормочусу Т.Осмонов), Ж.Абдрахмановдун “Күндөлүктөр. 1916-жыл. Сталинге каттар” китеби, ошондой эле, “Туяк ырчы”, “Айкөл Манас”, “Азыркы кыргыз тили” китептери, “Кыргызча-орусча сөздүк”, “Омоним, синоним, антонимдер сөздүгү” сыяктуу сөздүктөр ж.б.

Белектерди тапшырып жатып: “Бул баалуу китептер өнүгүүгө умтулган, китепти сүйгөн, келечекте кыргыз адабиятын дүйнөгө дүңгүрөтө турган жаштардын колуна тийди деп ишенебиз” деп билдирди Э.Эрматов. Китептер жеңүүчү жана катышуучулардан сырткары адабий фестивалдын өтүшүнө салымдарын кошкон, кыргыздын белдүү акын-жазуучуларынан турган секция жетекчилерине дагы берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: