Menu

Кожобек Рыспаев: «Кыргыз арагынан» өткөн таза арак барбы?»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев ачык-айрым жүргөн адам. Куудулдук жагын айтпай эле коелу, кадимки Күмөндөрдү катыра туурап койгон жайы бар. Эркекче суроолор менен маектешүү максатыбызды айтсак, токтоосуз макул болду. Маек назарыңыздарда…

Кожобек мырза, Жогорку Кеңештин 2 айлык жайкы эс алуусунан чыга калып эле кайра 12 күнгө тарап кеттиңер. 12 күн деп майдаланбай эле, бир жолу 15 күн кылып койсоңор, “эки жарым ай эс алдык” деп ооз толтура айтканга жакшы болбойт беле?

Эми биз 12 күндү эс алуу үчүн бөлгөн жокпуз да. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну башталып калды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду чакырып алып, анан бир топ депутатыбыз Көчмөндөр оюнунда жүрсөк, дагы бир тобубуз кворум кыла албай бул жакта сессия кылат элек деп жүрсөк туура эмес болмок да. Анын үстүнө 12-сентябрь Курман айт майрамы дагы болуп калды, ушул иш-чараларга байланыштуу 12 күнгө жылдырууга туура келди.

Эс алуу демекчи, кайсыл жерде эс алганды жактырасыз?

Өз мекеним Кыргызстанда эле эс алганга эмне жетсин?

Аңчылыкка кызыгасыз да?

Браконьерлер көбөйгөнү кызыкпай калдым. Жаш кезде абдан кызыкчумун.

Эмне аттыңыз эле?

Аркар, кулжа, эчки-текелерди.

Өз колуңуз менен тамак жасаганды жактырасызбы?

Талаа-түздө жүргөндө тамакты өзүм эле жасайм. Мендей даамдуу тамак жасагандар чанда гана кездешет да, чиркин. Ал эми үйдө жеңеңер турганда мен эмнеге тамак жасамак элем?!

«Бир жылда эки жаз болбойт, бекер киши таз болбойт» — деген макалдын чындыгы барбы?

Ушу менин таз болуп баратканым көбүнүн уйкусун бузуп жүрөт. Аларга минтип жооп берет элем, «акылсыз башты ак басат, акылдуу баштан чач качат» — деп.

Жаш кезде капкара чачтуу эле жигит турбайсызбы?

Ооба. Мен Авган согушуна катыштым, ал жерден эмнелерди гана көрбөдүк. Кийин Союз тарап, жетпеген турмуштун элегинде эленип, көп ойлонгондон мээге күч келтирип койгон окшойм, акыркы кездерде күчтүү иштеген мээге туруштук бере албай чачтар кача баштады (каткырып).

Өзүңүз машина айдайсыз да же ар дайым шоопур менен жүрөсүзбү?

Алыс жолго шоопур албасам, көп учурда өзүм эле айдайм.

МАИге кармалган учуруңуз болду беле?

Ой, кечээ эле ушул боюнча “хит” болбодумбу.

Эмне болуп?

Чаламандын чак түшүндө МАИлер кармап алып машинамдын караңгылатылган терезесин сыйрышты го. Аны да жөн сыйрыбай видеокамерага тартышып…

Мандатыңыздын пайдасы тийген жокпу?

Мыйзам баарыбызга бирдей да. МАИ кызматкерлери: «Терезеңизди караңгылатып алганыңыз мыйзамсыз, сыйрыйбыз» дешти, «сыйрыгыла» дедим.

МАИге акча берип кутулган күнүңүз болду беле?

Азыр андай учур боло элек. Депутат болгонго чейин акча берип кутулган учурлар кездешкен. Эми кармап алып эле мыжыкыйланып, ары тартып, бери тартып эзе беришсе тынчыраак кетип калайын деп деле берчүсүн берет экенсин да.

Арактын кайсы түрүн жактырып ичесиз?

“Кожобек аракты жакшы ичет” деп айтыштыбы? Эми ашепке эмес, той-топурда, жакшылык кечелерде ыгы менен ууртап-татып койгонго неге болбосун?!

Кыргызстандын эле арагын ичесизби же чет жердин арактарына артыкчылык бересизби?

Ыя, айланайын «Кыргыз арагынан» өткөн таза арак барбы?

Кызуу болуп алып Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан күндөрүңүз болду беле?

Андай болгон эмес, болбойт дагы. Мен трибунаны ыйык деп эсептейм, буга ар бир депутат аяр мамиле кылышыбыз керек.

Үйлөнгөнгө чейин канча кыз менен мамиле кылдыңыз?

Эй, мындай суроолор болбойт да…

Эми таанышкан эле кызга үйлөнбөйсүз да туурабы. Ар бир эркек бери жагы 3-4 кыз менен мамиле кылса керек…

Менде деле болгон. Алам деген максатта эмес, көңүл ачуу, ойноп-күлүү максатында, тагыраак айтканда жаштыктын деми менен 5-6 кыз менен мамиле кылдым го. Эй, ушуну жазбай эле койчу!

Эркекче, калп айтпай, актанбай айтыңызчы, үйлөнгөндөн кийин жеңебиздин көзүнө чөп салган учуруңуз болду беле?

Эмне эле провокациялык маанайдагы суроолорду берип атасың? Жаркылдаган, жакама кир жугузбаган, сүйүп алган супсулуу жубайым турса, башкаларга эмнеге бармак элем?!

Ушуну Куран кармап айта аласызбы?

Айланайын иним, ыйык Куранды ушул сыяктуу майда-барат нерселерге аралаштырбай эле коелу.

Кайсы депутат айымды жактырасыз?

Кандай, саясий багытта айтып атасыңбы? Билбейм, мен үчүн баардык кесиптеш айымдар бирдей эле..

Бешинчи чакырылыштын депутаттары ант берип жаткан күнү «Бир Бол» партиясынан депутат болуп келген Лунара Мамытованы өзгөчө көз караш менен карап жатканыңыздан улам суроо жаралып кетти да…

Эми мындай, жаныбыздан өтүп баратканда караса карагандырмын. Ошол учурду журналисттер кадрга илип алган экен, «Кожобек Лунарага суктанып карады» — деп интернетке чыгарып жиберишпедиби.

Сизди депутат, бай адам катары эсептеп, тийишкен кыздар болобу?

50 жаштан өткөн эркектерге кыздар эмне максат менен тийишиши мүмкүн? Ошол сен айткан эле ой менен тийишсе керек.

Ошентип тийишкендер болгон да ээ?

Ой, андай кыздар толуп жатпайбы, керек болсо кадам сайын кезешет.

Мушташка кандайсыз?

Аябай жакшымын. Азыр эми жаш өйдөлөп, бир аз токтолуп калдым да. Болбосо мага тиешеси жок адамдардар мушташып жатканын көрсөм деле октолуп турчумун. Баягы күлүк аттар чабылганда, төрт аягы тыбырап бери жакта турган буудандай болуп…

Разборканы жакшы кылсаңыз керек?

Жаш кезде спорт дүйнөсүндөгү бир топ балдар менен жоро-жолдош болуп, разборкалардын түрүнө катыштым. Эми азыркы кызмат абалыбыз разборка кылганга жол бербейт. Эл ишенген мандатты, сүйлөп жаткан ыйык трибунабызды сыйлашыбыз керек. Кечээ жакында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Чиркешович түз эфирге чыгып алып, «Мен эркекмин, Атамбаев сен эркексиңби, анда тап. Таппасаң башкача сүйлөшөм» — деп жалпы журттун алдында бакылдап атат. Ушу кантип болсун? Бул сүйлөгөнүн разборка дебегенде эмне дейбиз? Муну уккан жаш балдар кандай тарбия алат? Кандайдыр бир маселеңер барбы, элдин алдында төш какпай, саясий оюн кылбай башка жерден чечишип алгыла да!

Айрым учурларда кызуу кандуулукка алдырып жиберет дейт, Афган согушунан алган контузиянын кесепети эмеспи?

Мен өзүм табиятымдан ачык-айрым адаммын. Куудулданып жанымдагыларды күлдүрүп, айланамдагыларды шаңга бөлөп жүргөндү жактырам. Кабак бүркөп жүрүү мен үчүн жат көрүнүш. Ал эми кызуу кандуулукка алыдырып жиберет деген сөз бул далилсиз сөз. Кайсыл жерден кызуу кандуулукка алдырып жибергенимди далил менен айтышсын, анан ошого жараша жооп берейин. Жанагы айрым гезиттер жазып жатпайбы, «Элге жек көрүнгөн депутат Кожобек Рыспаев» — деп. Аларга элдин атынан сүйлөгөнгө ким укук берди?

Чүкө ойнодуңуз беле? Чүкөнүн төрт тарабынын аталышын атап бериңизчи?

Аябай ойногом да. Айкур, таа, бөк жана чик.

Турникке канча жолу тартына аласыз?

10 жолу тартынам го.

Ушу салмак мененби, салмагыңыз канча?

Азыркы тапта 103 киллограммын.

Отжиманиядан канчаны жасай аласыз?

30-35 жолу жасайм.

Сизди олимпиада оюндарына жиберебиз десе спорттун кайсы түрү боюнча барат элеңиз?

Эгер мени олимпиадага жибере турган болсо кыргыз күрөш, таяк тартыш дегендер болсо бармакмын. Кашайып оюндун мындай түрлөрү олимпиадага кирген эмес да. Олимпиада оюндарынын азыркы түрлөрү боюнча айтсам, оор атлетика, башкача айтканда штанга көтөрүү боюнча.

Кой сойгонду билесиз да, жиликтерин санап бериңизчи?

Сан жиликке жамбаш, кашка жилик жана чүкөлүү жилик кирет. Кол жиликке кар жилик, далы жана күң жилик кирет. Аны менен катар куймулчак, баш, карчыга, кабырга жана башкалар болуп кете берет.

Уй менен койду сойгондо өтүн кесип алып таштайт, а жылкынын өтүн эмне кылат?

Жылкынын өтүн деле алып таштайт го…

Акыркы жолу качан кир жуудуңуз?

Үйлөнгөнгө чейин жуугам, үйлөнгөнү жууй элекмин. Мындай кийимиме май же башка нерсе таамп калган болсо жууп-тазалап алып кийип кете бергенге өтө жөндөмдүүмүн. Бирок, кир жууй элекмин.

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: