Menu

Түркияда 87 чалгындоо кызматкери жумуштан бошотулду

Бөлүшүү:

Түркияда Мамлекеттик коопсуздук агенттигинин 87 кызматкери иштен алынды. Алардын баары тең бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелгендер.

Расмий ММКлар кабарлашкандай, улуттук чалгындоо уюмунун 52 кызматкерине карата кымыш иши козголду. Аталган мекемеде бардыгы болуп 141 адис кызматынан айрылды.

Бул Түркиянын эң таасирдүү институтундагы алгачкы “тазалоо”. Ишке ашпай калган козголоңдон кийин Анкаранын чечими менен 100 миңден ашуун полициячылар, аскер жана мамлекеттик кызматкерлер иштен айдалган.

Түркия Гүленди экстрадициялоо боюнча АКШга расмий түрдө кайрылган. Вашингтон анын төңкөрүш аракетине тиешеси бардыгын далилдеп берүүнү талап кылууда. Гүлен Пенсильвания штатында 1999-жылдан бери жашайт. Диний ишмер козголоңго катышы жок экенин айтып келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: