Menu

“Критке” кеткендерден кеп чыга баштады

Бөлүшүү:

Кийинки президент сарыбагыш уруусунан болуш керек дегенди айтып, кыргыз элин уруу-урууга бөлүп, жердешчилик, уруучулуктун ураанын көтөрүп чаап жүргөн Кеңешбек Дүйшөбаев акыркы учурларда бийликке сын айтып, баш көтөрө баштады. Акаев өлкөдөн куулар күнү 24-мартта бир күн ички иштер министри болуп, элди аянттан күчкө салып кууп өкүмзордугун көрсөтө коймокчу болгон ниети ишке ашпай, көпчүлүккө караанын көргөзбөй, кумга сиңген суудай ың-жыңы билинбей куйрук түйгөн. Калк алдында кадыры калбаган Кеңешбекти кийин Атамбаев саясий критке кеткен жеринен «тирилтип» УКМКны, ИИМди жетектетти. Дээринде жок экен кыйратып иштей алган жок. Тескерисинче артынан чуулгандуу айың кептер ээрчиди. Акыры жоопкерчиликтүү ишти жөндөй албаган мажүрөөлүгүнөн ишсиз калды. Эми мына ушул көрөңгөсү чектелүү неме бийликке сын тагып, көчөдө ышкырып калган өктөөсүн билдирип: “Бийлик күчкө салса референдум өтүшү мүмкүн, бирок анын кесепетин да эстен чыгарбашы керек. Эсиңерге келгиле, бул күндөр да өтөт” – дегенди айтып. “Чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлайт” болуп оозду ачырып турган кези.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: