Menu

Асангазы кызы Айнагүл, «Эдельвейс» элдик эмканасынын башкы врачы: «Дарттарды алдын алып дарылоо –борбордун негизги максаты»

Бөлүшүү:

 

«Эдельвейс» элдик эмканасы заманбап аппараттар менен ар кандай дарттарды дарылоочу борбор болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө аталган борбор өз кардарларын таап ден соолук жаатында алгылыктуу иш алып барууда. «Эдельвейс» элдик эмканасынын башкы дарыгери, врач невропатолог Айнагүл Асангазиева медицина жаатында эмгектенип келе жатканына 15 жылдан ашуун болду.

– Айнагүл, борборуңардын башка медициналык борборлорго салыштырмалуу өзгөчөлүгү эмнеде?

– Биздин борбордун негизги максаты – ар кандай дарттарды алдын алуу. Өзгөчөлүгүбүз – заманбап, акыркы моделдеги лазердик аппарат менен ооруга чалдыккандарды дарылоо. Бул аппарат канды тазалоодо абдан жакшы жардам берет жана инсультту алдын алат. Мындан сырткары, чарчоону жоготуп, баш оорулууларга абдан жакшы жардамчы болуп берет.  Негизи адамдын организми өтө татаал. Анда ар секунд сайын миңдеген биологиялык процесстер жана реакциялар жүрүп турат. Мунун натыйжасында лимфалар иштелген шлактарга толуп чыгат. Дал ушул дарттан арылуу үчүн ар түрдүү дарыларды, чөптөрдү, биокаражаттарды колдонуп келебиз. Анткени дары адамдын бир жерине жакса, экинчи жерине жакпайт. Бир оорудан айыкса, экинчи ооруга кабылат.

Бул аппарат организмди табигий түрдө тазалап мурдагы калыбына алып келет. Сууга бутту салганда прибор иштей баштайт да адамдын денесине миллиондогон заряддалган иондор кирип, кайсы гана зат болбосун ага жеңил жана жагымдуу таасир тийгизет. Ошондой эле кислороддун терс иондору суу менен аралашат. Адамдын ар бир клеткасы майдан турат, демек клетка, клетка аралык боштук, кан, лимфа, ткань, ички органдар, булчуңдар, сөөк ж.б. активдүү бөлүктөр иондордун курчоосунда калат. Организмге буттун терисиндеги тер чыгуучу көзөнөкчөлөр аркылуу иондор лимфосистемага кирип, андан ары кандын айлануусу менен ар бир клеткага жетип өз таасирин тийгизет. Адам ванна-чылапчындагы сууга бутун салганда суунун составы акырындап өзгөрө баштайт же организмдеги керексиз шлактардын бардыгы сууга чыгат. Иондордун зарядынан улам шлактар өтө майдаланып кир чыгуучу бездер-лимфосистема аркылуу сууга чыгат. Натыйжада суунун түсү өзгөрүп, түбүндө түркүн тунмалар пайда болот. Булчуң ткандарынын шлактары чыкса суу бышкан кыштын түсүндөй кочкул сары түскө боёлот, табарсык жыныс органдарынын шлактары сары жашыл, боор-өттүкү күрөң булага айланып, ичеги-карындыкы суунун үстү майланышып агарып чыгат. Бул аппарат химиялашкан дары-дармектерди ичип көптөгөн дубакөйлөргө барып убара болбоого жол ачат.

  • Жаңы аппараттын жардамы менен организмдеги ар кандай шишиктер кичирейет
  • Ичегилердин иштеши калыбына келип, иммунитет жогорулайт
  • Беттин өңү жакшырат
  • Баш муун, аллергия, тери оорулары, гипотит, астма, бөйрөк, табарсыктын сезгенишинен арылтат
  • Уйкусуздукту, ал кетип шалдыроону жоготот
  • Миома, киста ж.б. кыз-келиндердин гинекологиялык ооруларын айыктырат

Андан сырткары, остеохондроз, ала ооруларына даба болот.

– Негизи бул жаатта эмгектенип жатканыңыздарга канча убакыт болду?

– Бул жаатта эмгектенип жатканыма 15 жылдын жүзү болду. Ушул убакка чейин кайрадан даттанып келген кардарлар болгон жок. Көбүнчөсү дарылоодо биз дары чөптөргө басымдуулук жасайбыз. Албетте алгач ирет өзүбүз текшерип бардыгын атайы тесттен өткөргөндөн кийин гана ар кандай оору менен жабыркагандарга сунуш кылып дарылай баштайбыз.

– Мындан сырткары элдик медицина менен, мындайча айтканда, кыргызчылык менен дагы алектенет экенсиздер…

– Ооба биздин борбор бир гана нерсе менен чектелбестен элдик дарылоо ыкмасын дагы жөнгө салган. Азыркы учурда ооруга чалдыккан адамдар көп. Албетте кээ бириники чындыгында дарт болсо, кээ бириники өзүнө өзү ишендирип мен ооруйм деп алгандар. Баарына маалым болгондой көз тийүү, дуба кылуу деген сыяктуу дагы белгисиз күчтөрдүн илешүүсүнөн дагы ар кандай илдеттер пайда болот. Мында дагы кардарларга бардык жактан жардам берип, кан тамыр аркылуу, эмдөө аркылуу илдеттен арылышына көмөк көрсөтүп келебиз.

Айлун БЕКТЕМИРОВА

Булак: Асман плюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: