“Жогорку Кеңеште президент Алмаз Атамбаевдин конституцияны өзгөртүп, бийликти узурпациялоосуна каршы күчтөр көбөйүп жатканы жакшы. “Ата-Мекен” фракциясына эми “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракциялары кошулуптур. Эгер силер бириксеңер чоң күчкө айланасыңар”, – деп билдирди “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өткөн Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” аттуу форумда.
“Ошондуктан мен “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракцияларын бир муштумга түйүлүп, бир күч болуп бийликтин эки жүздүүлүгү, конституцияны бурмалап бийликти узурпациялоо максаттары үчүн, бул мыйзамдарды мыйзамсыз жолдор жана регламенттерди одоно бузуулар менен өткөрүү аракеттери үчүн, эл алдында берген убадаларын аткарбагандыгы үчүн президент Алмаз Атамбаевге импичмент жарыялоого чакырам. Референдум президентти кызматынан кетирүү үчүн өткөрүлүш керек”, – деди Мавлян Аскарбеков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ