“Асман плюс” гезитинин 26-май 2016-жылы жарык көргөн санында “Орто Азияда бир президент бул дүйнө менен кош айтышат” деген темада төлгөчү Света Тойгонбаева менен болгон маек жарыяланган. Арадан үч ай өтүп Света айымдын айтканы айткандай келип, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сентябрдын үчүндө жерге берилди. Биз кайрадан Света айымга жолугуп, бу сапар да кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
– Иса Өмүркулов табиятынан чынчыл, бийликке жүткүнбөгөн, өз ордун билген адам экен. Кудайдан да чын дилинен суранган, Кудай сүйгөн пенде экен. Иса Өмүркуловго эмнегедир үч жети катарынан түштү. Кудай буюрса, Өмүркуловду оомат, ийгилик күтүп, ал тургай курчап турат. Буюрса, зоболосу көтөрүлөт. Иса Өмүркуловду буттан чалып, ишине тоскоолдук кылам дегендердин аракетинен майнап чыкпайт.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ