Menu

Мамлекеттик тил күнүн белгилөө уланууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл 23-сентябрда 27 жыл толду. Бул маарекеге байланыштуу жер-жерлерде, бардык мекемелерде тил күнү белгиленип, Мамлекеттик тил күнүн утурлай башталган иш чаралар дагы деле уланууда. Алсак, облус, район борборлорунда, шаарларда, айылдарда, ар бир мекемеде мамлекеттик тил күнү ар кандай форматта белгиленип, түрдүү иш чаралар өтүп жатат.

23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү менен жалпы мекендештерди КР Президенти А.Атамбаев, КР Премьер-министри С.Жээнбеков, КР ЖК төрагасы Ч.Турсунбеков, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов куттуктады.

Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө дагы расмий белгиленип, иш чарада биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев куутуктоо сөзүн айтуу менен, мамлекеттик тилди өлкөнүн бардык тармагында өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Вице-премьер-министр Олег Панкратов дагы иш чаранын катышуучуларын кыргыз тилинде куттуктады.  Салтанаттуу иш чарага катышкан КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Өкмөтүнүн Аппаратынын айрым кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды:

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси–министр Акылбек Осмоналиевге, уюштуруучу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкуловго жана  котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти Урмат Дүйшеналиевге ыйгарылды. Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти Жеңишгүл Эдигеева жана уюштуруучу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору Камчыбек Кускаков сыйланды.

Мындан сырткары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинде, Ысык-Көл облусунда, Нарын облусунда, Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда, Талас облусунда өткөн салтанаттуу иш чараларга жана Бишкек шаардык мэриясы, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык мэриясы, Талас шаардык мэриясы, Токмок шаардык мэриясы, Аламүдүн району, Кемин району, А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасы, КР Финансы полициясы мамлекеттик кызматы, «Кыргызгидромет» агенттиги, «Бишкек жылуулук тармагы» ААКы, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясы, М.Кашгари атындагы Чыгыш университети, Ата-Түрк-Ала-Тоо университети, Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи Май, Ленин, Октябрь райондорунун билим берүү бөлүмдөрү өткөргөн иш чараларга катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдоп, мамлекеттик тилдин абалы менен жеринен таанышып келишти.

Ал эми КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Мамлекеттик тил күнүндѳ эне тилибиздин ѳнүгүшүнѳ зор салымын кошкон белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык маарекесин белгиледи. Иш чара Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында өтүп, КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары М.Карыбаева, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси А. Осмоналиев, КР Жогорку Кеӊешинин депутаты Г.Молдобекова, Ноокат районунун администрация башчысы ж.б.катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошкон инсандар “Кыргыз тили” төш белгиси жана Ардак Грамоталар менен сыйланды.

Ошондой эле, бардык жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик тил күнүн  белгилөөгө өз салымдарын кошуп, жигердүү иш алып барышты.

Мамлекеттик тил майрамда гана эмес, дайыма көңүл чордонунан орун алып, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө болгон иштерде чогуу бололу!

Маалыматтык колдоо 0312 315773 0551996517

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: