Нью-Жерсидеги темир жол станциясында болгон аварияда кеминде бир киши өлүп, жүздөн ашуун жүргүнчү жарадар болду.
Күбөлөрдүн айтымында, Нью-Йорктон жүргүнчүлөр менен келе жаткан поезд станцияга жеткени калганда ылдамдыгын азайткан эмес. Натыйжада ал Хобокен шаарындагы вокзалдын имаратына кирип кеткен.
Авариянын кесепетинен вагондор талкаланды. Алдын-ала маалыматтар боюнча окуя маалында поездде 250 жүргүнчү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ