Menu

Тажикстанда терроризмге каршы түшүндүрүү иштери өзбекче жүргүзүлө баштады

Бөлүшүү:

Экстремизм идеяларынын жайылышына тынчсызданган тажик бийлиги өлкөнүн өзбек тилдүү калкы арасындагы түшүндүрүү иштерин алардын эне тилинде жүргүзүү чечимин кабыл алды.

Бийлик экстремизм менен терроризмдин коркунучтуу экени жөнүндөгө, ошондой эле «Ислам мамлекети» сыяктуу террорчул топтордун катарына кирүүнүн кесепеттери тууралуу маектер натыйжалуу болот деген үмүттө.

Мындай иштер Дүйшөмбүдөн 220 чакырым алыстыкта жайгашкан Кубодиён районунун өзбек тилдүү жаштарынын арасында жүргүзүлүүдө. Расмий маалыматтар боюнча аталган райондун Навбахор айылынан эле Сирияга 13 киши кеткен.

Жакынкы Чыгышта «Ислам мамлекетинин» катарында Кубодиёндун 74 жашоочусу жүрөт, арасында 9 аял жана жашы жете элек балдар да бар. Мекенинде аларга карата кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Кубодиёндон барган согушчандардын көбүнүн өзбек улутундагылар экени айтылып жүрөт.

Буга чейин бул өңдүү түшүндүрүү иштери тажик тилинде гана жүргүзүлүп келген. Аларга жамааттардын, өкмөттүн, укук коргоо органдарынын, жаштар жана аялдар комитетинин жана дин кызматтарынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: