Menu

Орусия ТИМи чет өлкөлөрдөгү жарандарын сак болууга чакырды

Бөлүшүү:

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Алепподогу соккулар үчүн исламисттердин өч алуу ыктымалдыгына байланыштуу 30-сентябрда чет өлкөдөгү жарандарына сактык чараларын көрүүнү сунуштады.

Күн мурун Орусия ТИМинин сайтына жарыяланган билдирүүдө «айрым ислам уюмдары» жума күнү Алепподогу согуштук аракеттерге каршы «Бүткүл дүйнөлүк нааразылык жана каардануу күнүн» өткөрүүгө чакыргандыктары айтылган. Мекеме экстремисттер өч алуу максатында чабуул жасашы мүмкүн деп кооптонууда. Мындан улам орусиялыктарды кооптуу жайларга барбоого жана кылдат болууга чакырууда.

«Каардануу күнүн» өткөрүүнү Катарда жайгашкан «Мусулман окумуштууларынын эл аралык биримдиги» уюму демилгелеген. Биримдик ошондой эле жума намаздан кийин Алеппого тилектештик билдирүү жасоого үндөөдө.

Алепподо согуштук аракеттер 10-сентябрда, АКШ менен Орусия тарабынан макулдашылган элдешүү жараяны токтогондон кийин башталган. Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын колдоосу алдында шаардын оппозиция көзөмөлдөп турган чыгыш кварталдарын бутага ала баштаган. Айрым маалыматтар боюнча соңку бир жуманын ичинде кеминде 250 киши курман болуп, жүздөйү жаракаттарды алышкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: