Menu

Украина ТИМи крым татарлардын Меджлисин тыюу тууралуу билдирүүсүн жарыялады

Бөлүшүү:

Украинанын Тышкы иштер министрлиги крым татарлардын Меджлисин тыюу тууралуу РФтин Жогорку Сотунун чечимине байланыштуу 2016 жылдын 29 сентябрында төмөндөгүдөй мазмундагы билдирүүсүн жарыялады «Украинанын Тышкы иштер министрилиги крым татарлардын Меджлисин экстремисттик уюм жана анын ишине тыюу салуу чечимин Россия Федерациясынын Жогорку Соту күчүндө калтыргандыгы тууралуу чечкиндүү түрдө нааразылыгын билдирет». Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Украина Элчилиги билдирди.

«Экстремизмге каршы күрөшүү» деген жасалма шылтоо менен крым татарлардын жогорку өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органына тыюу салуу Оруссия оккупациялык бийлик тарабынан крым татарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын тайманбаган кордоо болуп саналат. Ошентип, РФтин Кылмыш кодексинин 280.1 «Экстремизм» статьясы боюнча «укук коргоо» деп аталуучу органдары тарабынан Меджлистин Төрагасынын орун басары Ахтем Чийгозага, крым татарлар Али Асановго, Мустафа Дегерменджиге, Эскендер Кантемирге, Эскендер Емирвалиевге жана Арсен Юнусовго («26 февральдын иши»), Меджлистин Төрагасынын орун басары Ильми Умеровго жана башка крым татарлардан чыккан Украина жарандарына карата кылмыш иши козголгон.

Мындай уятсыз чечимди расалык басмырлоо катары эсептейбиз. Бул – Орусиянын жогорку сот инстанциясынын болжолдонгон кадамы, ал демократия жана эркиндик менен күрөшүүгө, андан сырткары оккупацияланган жарым аралды террор жана укуксуздук «боз аймакка» айлантууга багытталган Кремльдин азыркы репрессиялык саясатына толугу менен ылайык келет.

Эки жарым жылдык оккупациянын ичинде Россия Федерациясы максаттуу жана системалуу түрдө украиналык Крымда адам укуктарын бузгандыгы, эркиндикти чектегендиги гана эмес, толугу менен аларды камсыздоо жана коргоо көз карандысыз механизмдерин жоюп жатат. Муну, атап айтканда, ондогон жылдары бою иштеп келип, жарым аралдын жергиликтүү калкынын укуктарын натыйжалуу коргогон өз алдынча башкаруу орган Меджлисти атайы кысып чыгаруусу жана анын оордуна толугу менен контролдолгон «Киримди» коюуусу ырастап турат.

Так Меджлистин көз карандысыз жана эстүү жарандык позициясы, Украинанын аймактык бүтүндүгүн ырааттуу колдоосу жана эл аралык авторитети аны Россия Федерациясы тарабынан саясий куугунтуктун объекти кылды. Анын ишин «мыйзамдан тышкары» деп жарыялап, андан сырткары бул органдын активисттерин жана жалпы крым татарлардын өкүлдөрүн куугунтуктап, Россия Федерациясы чынындыгында 1944 жылы кылмыш аракеттеринин кульминациясына жетип крым татарларды массалык депортация жана курутуу кылган сталиндик режимдин ыкмалары менен иш жүргүзөт.

Украина оккупант-мамлекеттен бул ырасын айтканда жана юридикалык жактан караганда санда жок чечимди тез арада жок кылуусун жана Крымдагы татарлар коомунун кысымын толугу менен токтотуусун талап кылат.

Дагы эл аралык өнөктөштөргө оккупацияланган Крымда адамдын укугун коргоо максатында аракеттерди жандандыруу чакырыгы менен кайрылабыз, так айтканда адам укугун сактоо абалдын туруктуу мониторингин иш жүзүнө ашыруу үчүн эл аралык жана коргоо уюмдардын негизги конвенция менен белгиленген жана мониторинг механизмдеринин тоскоолсуз кирүүсүн камсыздоо кылуу.

Украина оккупациялык бийлик тарабынан крым татарларын куугунтук кылуусун биротоло токтотуп жана Крымдын мыйзамсыз оккупациясы менен байланыштуу башка маселелерди чечиш үчүн, аны деоккупациялап, эл аралык укук тартибинин негиздерин, эл аралык укугун урматтап, адам укугун калыбына келтирсе болот деп ишенет.

Украина АР Крымдын жана Севастополь шаарынын убактылуу оккупациясына, крым татарлардын Меджлисин экстремисттик уюм жана анын ишине тыюу салуу чечимине да байланыштуу Россия Федерациясынын бардык аракеттеринин мыйзамсыздыгын сот инстанцияларында далилдейт».

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: