Мүлк көрсөтүү жагынан Текебаев “эркек” экен эй. Журналисттерди кошуп алып, эл билген мүлктөрүн көрсөтүп чыкты. Кезек президенттин тегерегиндегилерде, алар көрсөтө албайт деген талкуу азыр катуу кызып жаткан учур. Президенттин тегерегиндегилер Текебаевдей бай эмес, жону жука “кедей-кембагалдардын” катарын толуктайт тура. Ошого уялып, мүлкүн көрсөтө албай жатса керек. Мамлекеттик кадр кызматы жарыялаган декларацияда президенттин аппарат жетекчиси Фарит Ниязов 45,2 чарчы метрлик батирге, атасынан калган кашарга ээлик кылат. 1984-жылы чыккан Ауди 80 үлгүсүндөгү машинаны айдайт, 2007-жылы сатып алган ЛТЗ-60А трактору менен жер иштетет экен. Атамбаевдин оң колу деп эсептелип жүргөн, тышкы саясатка жооп берип жаткан Сапар Исаковдо Ауди 80 үлгүсүндөгү машина да жок, жөө жүрөт экен. Анын жылдык кирешеси 853 миң 705 сом болсо, чыгашасы 3 млн 933 миң 422 сомду чапчыптыр. Декларацияга ишенип болобу бурадар?
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ