Menu

Сабыр Муканбетов, Атамбаевдин расмий кошоматчысы: “НТС эки жыл мурун колдонуп ыргыткан «презервативди» КТРК кийип алды”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин бийлик мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда, Башмыйзамды өзгөртүү демилгеси менен чыгышы элдин аң-сезимине бүлүк салып, коомчулукту макул-макул эместер менен «эмне болсо ошо болсун, эч кимисине кошулбайм» дегендерге бөлүп таштады. Караманча каршы чыккандарга караганда кош колдоп колдогондор арбын, пофигисттер баарынан көбү. Жыйырма жылдан ашык өмүрүн коомдук башталышта, жалаң оппозициялык турмуш кечирген, белгилүү коомдук ишмер, саясый серепчи Сабыр МУКАНБЕТОВ досумду кепке тарттым.

Сабыке, бул талаштартышта кай тарабындасың, кимди колдоп жатасың, засыңбы же противсиңби?

– Бул чатак бийликке умтулгандар менен бийликти колдон чыгаргысы келбегендердин эле тиреши сыяктуу болуп калды. Президенттик шайлоо чукулдап калгандыктан, амбициясы бар саясатчылардын баары ачык, тымызын аракеттерди көрүп жатат. Мурунку бийликтин кезинде жыргап-куунап жүрүп, азыр сыртта калгандар, азыркы бийликтин келишине салым кошуп, дивиденд алалбай жүргөндөрдүн баары Алмазбек Атамбаевди кулатууну самап, жек көрүп келишсе, бүгүн аларга Кудай берип салбадыбы. Текебаевге окшогон ораторго ээ болушуп… Бирок, кандай деген күндө да, Башмыйзамды өзгөртүү демилгесинен чыккан талаш-тартыш жалпы кыргыз коомчулугун камтып, тең жара бөлгөн жок. Элибиз деле «бул бийлик талашкандардын иши» дешкенсип, баам салып карап турат, шыбашкан сайын шыпшынышып, бекер концерт көрүп. «Бири өлүп, бири калсын» дегени андан көп. Ошон үчүн Өмүрбек Текебаев канчалык чамынып, далилдерди оңду-солду чачса да эл козголчу түрү жок. Анткени, бирөөнү кууп чыгып экинчисин тактыга отургузгандан пайда жок экенин билип калышты. «Шайлоодо айтабыз, добушубуз менен» деп калышкан. Бул чоң өсүш да.

Өмүрбек Текебаев менен жыйырма жылдан ашык досчулук мамиледе жүрүп, анан ушундай кырдаалдаколдобой койгонуң кандай? Анын айткандарынын көбү далилденип жатпайбы. Ошо сага окшогондор кайдыгер болуп кеткени үчүн оппозиция жокко эсе болуп жатпасын?..

– Азыр бийликке каршы оппозицияны калыптандыруу эмне үчүн солгун болуп күчтөнө албай жатат, билесиңби? Себеби Акаев, Бакиевге каршы чыгып, оппозиция болгондордун көбү Атамбаев, Текебаев баш болуп бийликте отурат. Темир Сариев жакында эле кетти. Ал эми бийликти каргап-шилеп коюп, бирок каршы чыга албай жаткандардын көбү мурунку эки бийликтин убагында майкөл-сүткөл заманда жашаган, эзели ачык чыгып бирдекени төңкөрүү колунан келбеген адамдар. Алар ошо кухняда словесный ананизм менен гана алектене алышат. Ошон үчүн бүгүн күчтүү оппозиция жок. Азыр Текебаевди колдоп чыккандардын көбү аны сүйгөнүнөн эмес, Атамбаевди жек көргөнүнөн улам колдоп жатышат. Бирок бул экөөнүн бири-бирине көө жабышы көп нерсени ачыктады. Экөөнүн аброюна тең көлөкө түштү. Булар эч нерсе табышкан жок, жоготууга эле дуушар болушту. Анткен менен эл көп нерсени билип калды. Андыктан, бир чети бул «айтыштын» болгону жакшы болду. Эми бул эки тарап тең тазаланууга мажбур. Айрыкча президенттин айлана-чөйрөсү… Ансыз эл алдында абройду калыбына келтириш кыйын да. Мен үчүн Текебаев, Атамбаев бирдей эле. Экөө менен тең көптөгөн жылдар бою оппозиция катарында бирге болгом. Экөөнү тең сындап, колдоого татырлык иш кылышканда колдоп келе жатам. Текебаевдин мага таарынып атканын Турсунбек Акун айтты. Эми, “дос экен” деп эле колдой берген болбойт да, «…истина дороже» деп коет эмеспи. Текебаевди бул экөөнүн “айтышына” чейин сындагам. Мен Абдырахмановчо артынан сайбаганга ыраазы болсун.

– Референдум аркылуу Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандардын көбү процедуралык нормалар бузулганын, 2010-жылкы мараторийди бетке кармашууда. Негизи эле азыркы киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу эмне дейсиң?

– Бул өзгөртүүлөр менен менин түшүнүгүмдө президенттин ыйгарым укуктары чектелип, башкаруучу партия менен премьер-министирдин укуктары күчөтүлүп жатат. Биз буга чейин “президент баарын басып алды, авторитаризм болуп калды” деп келгенбиз. Анан эми ошо бойдон калса, 2017-жылы шайланган президент 2020-жылга чейин дагы баарын басып алса кантебиз? Кайра эле «авторитаризм» деп кыйкырып кала беребизби? “Мен ошон үчүн өзгөртөм” дегендерге “койгула” деген жерим жок. Экинчиден, «койгула дегенди укпайбыз, баары бир кылабыз» деп жаткандан кийин кылышарын билип туруп, эмне толк? Анүстүнө каршы болгондордун көбү жөн эле принципиально каршы болуп жатышат. Бул президенттик шайлоонун эле бир жыл мурун башталышы болуп калды. Мазмуну боюнча ойлорум бар, бирок мен эмес фракцияларды укпай атканда мени ким угат? Бирок, алып салыштыбы билбейм, граждандуулуктан ажыратууга караманча каршымын.

– Президентибиз Нью-Йоркко баратып, Стамбулда сыркоолоп, азыр Маскөөдө дарыланууда. Бул кырдаалсаясатчылардын жүрүм-турумуна, деги эле Кыргызстандагы саясый кырдаалга кандай таасир этет депойлойсуң?

– Президенттин сыркоолоп дарыланып калышы, өлкөдөгү кырдаалга оң таасирин тийгизип, саясый кырдаалдын накалы басаңдай түштү. Кыргыздын салтына ылайык, сыркоо адамга ден соолук тилөө унутулбаптыр. Текебаев да бенефисин токтотуп, ден соолук тилебедиби? Максим Бакиевге болгон “арзуусу” өчпөгөн Бегаалы Наргозуев менен ар кимдин айдактоосунан улам ориентирин жоготуп салган Адилетке окшогон эки-үчөө гана бар экен, тынчыбаган. Ошолор эле болбой мурунку асылууларды кайра-кайра жаңыртып туруп алышты. Эл жактырган жок аларды. Ичиркенип. Андыктан, президент ооруп калуусу менен тайм-аут, тыныгуу алды. Эми айыгып, жумушка чыкканда көрөбүз калганын. Негизи Алмазбек Атамбаев айлана-чөйрөсүн карап, жыйынтык чыгаруусу керек го. Президенттин сыркоолосу ар кандай кептерди чыгарып, саясый кырдаалга да өз таасирин тийгизип жатат. “Маугли” мультфильминдеги «Акелла промахнулся» дегендегидей ар ким баш көтөрө баштаганы байкалууда. Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаевдин долбоорго кол коюдан баш тартышы, Өмүрбек Бабановдун “президенттикке аттанам” деп ачык айта башташы кырдалдын өзгөрө баштаганынан кабар берет. Эми президент аман-эсен сакайып ордуна келип, 2017-жылкы шайлоону тынч өткөрүп берсе, ошондо саясый туруктуулук сакталат. Анан дарылануу созулуп кетсе, анда кырдаал кескин өзгөрүп кетиши толук мүмкүн.

– Мамлекеттик ЖМКлардын ичинде сен өзүң катыштыгың бар КТРК тууралуу эл ичинде катуу нааразычылыктар пайда болду. Бийликтин оппонентерине каршы ыксыз каралоолорду жайылтышып жатканы тууралуу эмне айтасың? КТРК кайрадан “кара жашик” болдуңарбы?

– Мен башында айттым го. Ар кандай адамдар, уюмдар бийликке жагынып, жеке кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эч кандай ыпластыктан баш тартпаарын далай ирет көрүп жүрөбүз. Ошондой “бөрк ал десе баш алган” жан-жөөкөрлөр кандай жол менен болсо да оппонентерди жер менен жексен кылуу үчүн ушундай иштерге барышат. Алардын айрымдары кээде атайылап бийликтин өзүнө көр казып, ошондой иштерди жасашат. Карасаң бийликке асылгандарды согуп атат, а жыйынтыгында соккуга бийлик өзү кабылат. Мындай медвежья услуганы биздин КТРК да жасады десек болот. НТС каналы мындан үч жыл мурун жасатып, колдонуп ыргыткан Абдулла Юсупов деген соттолгон адамдын монологун көрсөтүү менен КТРК беделин түшүрүп, эски атын кайтарып алды. Кезинде Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов жол бербеген, НТС эки жыл мурун колдонуп ыргыткан «презервативди» КТРКга кийгизе салуу менен КТРКга эле эмес, Атамбаевдин аброюна да шек келтирди. Президентке ишенип жүргөн көптөгөн аттуу-баштуу, билимдүү адамдардын көбүнүн көңүлү айнып, «неужели Алмазбек Шаршенович допустил» дегени угулууда. Илимге ким буйрук берди? Мага белгисиз. Ким болсо да ойлонулбаган, уят иш болду. «Байкоочу кеңеш менен тирешип жүргөн Илим Карыпбеков ушинтип жагалдансам жагам, аман калам» деп ушуга барганын да уктук. Айтор, бул маселени БКда карап, чечим кабыл албасак болбойт. Уят. Андан көрө кетип калганыбыз артык.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: