Menu

Жумушчу калк дал өзүмдөй жөнөкөй, Анда каруу, менде таттуу көмөкөй…

Бөлүшүү:

Алп акын Алыкул сыпаттап жазган жумушчулук кесип 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин гана кыргыз арасына сиңип, келечектеги инженер-техникалык кызматкерлердин пайда болушуна жана техника илиминин өнүгүүсүнө өзөк түзгөн. Кызыгы, ошол алгачкы жылдарда маляр, уста, плотник өңдүү азыр да тейлөө кызматы жагы турмуш-тиричиликте негизги орунду ээлеп баратканы.

…Калыбек байкени мебель фабрикада эмгектенерин элден уккан менен өмүр жолуна жана үй-бүлөлүк турмушуна анча деле көңүл бурулбаптыр. Байке менен айылдагы ар кандай иш-чараларда, кээде шаардагы той-топурда жолугуп калганда улуулук сый-сыпатына ичимден ыраазы болор элем. 2011-жылдын күзүндө айылда «Нышаа жана анын доору» аттуу китеп (автор П.Казыбаев) менен «Асылбаш» көкбөрү командасынын (уюштуруучу А.Момоконов) бет ачары бирге өткөрүлгөндө Калыбек байкебиз калдаңдай сүйүнүп, өздөрүнөн кийинки жаштардын жасап жаткан иштерине ыраазычылыгын билдирип, жаңы ийгиликтерди каалаган. Айылыбыз эле эмес, дегеле кыргыздын алгачкы жумушчу катмарынын алдыңкы сабында тургандар ичинде Калыбек байкеден тышкары, полиграфия тармагындагы эмгектери менен эл урматына жетишкен Шадыбек Көпөнов, Качкынбек Сартов аксакалдарды да жакындан көрүп, билип, ал турмак басма тармагында иштешип да калдым.

Ал эми Калыбек байкенин күйүмдүү жар, сүйкүмдүү ата, боорукер бир туугандыгын жана өндүрүштү уюштуруучу экенин тилекке каршы, көзү өткөн соң толугураак билүүгө туура келди. Эмерек ишинин устаты катары аны «Кыргызмебелдин» Ош шаарындагы филиалын уюштурууга жөнөткөндө жаштык жигери менен ишеничти толук актап, сапаттуу товар чыгарууга жетишкени эрдик эмей эмине? №4 техникалык окуу жайын 1960-жылы, 1967-жылы техникумду бүтүрүү менен практиканы айкалыштыра эмгек арымын абройлуу уланта ийгиликке жетишкен. Мунун мисалы, жумушчудан мастерликке, андан бөлүм башчынын орун басары, адистер коомунун №3 окуу өндүрүштүк ишканасынын башкы инженери, директору болгондугу. Мээнеткеч жана ишинин майын чыгара иштеген агабыздын өмүрлөш жубайы Тамара жеңебиз да жеңил өнөр жай тармагынын кийим тигүү багытында башкы адис-технолог катары кыйла ийгиликтерди жараткан. Республикалык моделдер үйүндө 18 жыл иштеген маалда кийим боюнча инженер-технолог катары дасыгып, улуттук кийимдердин стандартын үлгү – лекалосун түзүүнү колго аларда кызынын ооруганына байланыштуу иштен чыгууга туура келет. Негизи ар бир кийим өз фасону, формасы жана чен-өлчөмү менен айырмаланат эмеспи. «Адамдардын чөйрөсүнө, социалдык катмарына, көбүнчө улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүп же дайыма туруктуу, салттык мүнөздө сакталып турушу мода деген түшүнүктү – табитти камтыйт. Адамдарды модага ылайык кийиндирүү чоң устаттыкты, мыкты чебердикти талап кылса, улуттук кийимдерди да жаңы модага келиштире тигүү, болгондо да ар бир адамдын жаш курагына, дене түзүлүшүнө, кебете-кепширине жана керек болсо өң-түспөлүнө жараша кийиндирүү өзгөчө мээнетти талап этет. Ал эми улуттук кийимдердин өлчөмүн тактоо, фасондук жасалгалоо, модалоо деген маселе технологдордун, өзгөчө кыргыз технологдордун эң башкы кесиптик милдети болууга тийиш» деген Тамара жеңебиз пенсияда экенине карабай элдин иши үчүн жаны тынбай жүргөнү жүргөн. Анткени «моданын түпкү мааниси – өлчөм, ыкма, ченем, эреже, стандартты камтуу менен тигиштин айырмасы 0,2 ммден ашпашы керек» деген катуу талапты коет. Бир кезде өзү иштеп, турмуштук жана адистик мектебинен зор сабак, таалим-тарбия алган республикалык моделдер үйүн алгачкы президенттин жубайы жаптырып салгандан бери кийим тигүүнүн жогорку талаптары дээрлик сакталбай калганына каңырыгы түтөгөн 45 жылдык иш тажрыйбасы бар технологдун ой-пикир, жүйөөсүн акыры өкмөт, экономика министрлиги туура кабыл алуу менен 2017-жылга чейин КР туруктуу өнүктүрүү алкагында «Легпром» ассоциациясы тарабынан «Технополис, текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн» инвестициялык долбоордун программасына киргизилген. Ал долбоорго Сокулук районунан атайын жер бөлүнүшү келечекте улуттук кийимдер да дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүдөн тышкары, руханий жана материалдык байлыктарды сактоого да үлүшүн кошмокчу. Ушул улуу демилгеси ишке ашып, кыргыз эли кийими менен дагы далай ааламды багынтса деген аруу тилеги качан ишке ашаарын ичинен толгоно күтүп жүргөн Тамара жеңебизге Теңирдин колдоосу күч-кубат берсин! Ошентип, улуттук жумушчу табы жана инженер технологдун (азыркыча айтканда техникалык интеллигенция) ынтымак үй-бүлөсү өндүрүштө гана өзгөчөлөнбөстөн, бала-бакыраны тарбиялоо, окутуп, таалим берүү жагында да жакшы ийгиликтердин ээси экенине эли күбө.

– Азыркы кездеги кыргыз медицинасынын алдыңкы, колу жеңил врач-анестезиологу Батыя Төлөбаеваны карындашы эмес, улуу кызындай бөпөлөгөн Калыбек аганын, кызы Жылдыз менен уулу Нурсултандын кабак-каштарынан канчалык айланса, ошончо эле деңгээлде талап, тартипти койгон Калыбек атанын жана кең пейил, улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасай билген, ак көңүл, ишенчээк, токтоо, кечиримдүү, сабырдуу, оозунда сөзү бар, уюштургуч, чыдамкай жана ыймандуу Калыбек жубайдын Асылбаш элинин бир чоң түркүгү болгонуна сыймыктанам… – деп дагы далай ой-берметин төгүлтө албай кардыккан Тамара жеңебизди карап туруп, бул киши инженер-технолог эмес эле, психолог-педагог болгондо кантмек (?) деген ойго чөмүлүп кеттим. Ал эми элибиздин бата берүү салтынын жөн жерден эле пайда боло калбагандыгын Калыбек аганын 70 жылдык тоюнда (2008-жыл 12-июнь) жакын тууганы Дүраалы Түңкушевдин ыр түрүндөгү кутуктоо-тилегин окуу менен анын турмушка канчалык ашкандыгына күбө болуп, жана бир таңданып калдым.

Баарыңар эле билесиңер,

Үйдүн көркү эмерек экенин.

Тандаган ушул жагын,

Калыбек чыгаан уулу Асылбаштын, – деп балдардын атасын алкап өтүп, «түшүндө да ишин көрүп, тынбай мээнеттенгени үчүн пайгамбардын тийген батасы» деген тыянак чыгарат. Окууну жаңы аяктап жаткан кызы Жылдыздын келечекте милициянын полковниктик жылдыздарын да тагынарын, уулу Нурсултан илим-билимди тереңдеткен жаштардын алды болорун:

Ал эми, азыр уулуң жаш

Кудай! Өмүрүнө береке берсе –

«Нурсултан» деп

Аны да тааныр, Асылбаш! – деген үмүт менен билдиргени 2013-жылы аспирантурага өтсө, 2015-жылдан бери түрк тили боюнча дасыккан котормочу. Жылдыз болсо 2015-жылдан бери өзү окуп бүткөн милиция академиясында кафедра башчысы, полковник. Тамара жеңенин эне катары Жылдыз кызы менен Нурсултан уулунун келечегинен дагы чоң жетишкендиктерди, турмуштук жакшылыктарды күткөн ниеттери кабыл болуусуна тилектештик сезимдер ичимде тогуз кайрыктай толгонуп жатты.

Памирбек КАЗЫБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: