Menu

Лаврентий Берия чындыгында ким болгон?

Бөлүшүү:

Берия Кутаиси губерниясындагы Мерхеули кыштагында, анчалык бай эмес дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жакшы билим алып, куруучу-архитектор адистигине ээ болгон. Өспүрүм кезинде жашыруун марксисттик ийримге катышып, революциядан кийин шаардык большевиктик уюмда иштеген. Көп өтпөй Баку республикасы түрк-азербайжан аскерлеринин кысымы  астында кулайт. Ошондон тарта Бериянын биографиясындагы эң көмүскө мезгил башталат – ал муссават (азарбайжан) чалгынынын тыңчысына айланат. Бериянын өзүнүн айтуусу боюнча, ал кош тыңчы болуп, большевиктердин тапшырмасын аткарган. Дагы бир версия боюнча, ал жөн гана пролетарь революциясынын душмандары тарапка өтө качкан.

 Баш кесер

Ялта конференциясында Рузвельттин “Берия ким?” деген суроосуна Сталин: “Ал биздин Гимлер” деп жооп берген. Бирок, Бериянын репрессияга катышкандагы ролу талаш-тартышты туудурат. 1938-жылы Ежов кызматтан кетип, Берия НКВДнын жетекчилигине дайындалгандан кийин атуулар жана камоолор азайып, көп иштер кайра кароого жиберилген. Берия атуу жөнүндөгү өкүмдөргө кол коюп, кээ бир элдерди көчүрүү боюча операцияларга жетекчилик кылган, СМЕРШти түзгөн. Бирок, дал Бериянын тушунда НКВД жазалоочу органдан чарбалык-өндүрүштүк комплекске айландырылган, репрессивдик функциялар мамлекеттик коопсуздук боюнча эл комиссариатына берилген. Көп кишилер Берияны садист деп эсепешет, бирок илимий-техникалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырганы кандуу баш кесердин образына анчалык кошпой турат.

Катынь курмандыктары

Арадан ондогон жылдар өткөн соң көптөгөн архивдик документтер (анын ичинде “№1 пакет”) ачыкка чыгырылып, Россиянын жетекчилиги Катындагы массалык атуудагы НКВДнын жоопкерчилигин моюнга алды. Бирок, бул маселе орус-поляк мамилелериндеги эң талуу нерсе бойдон кала берүүдө. Катынь токоюнда беш миң, польшалык туткундарды жок кылуу операциясынын алкагында баары болуп 20 миңге жакын киши атылган. Поляктардын колун таңып, немистердин куралы менен кежигесине аткан соң өлүктөрдү аңга түртүп салышкан. “Атууга буйрукту Лаврентий Берия берген” деп айтылып жүрөт. Бирок, бул ишти НКВДнын кызматкерлери, же кызыл аскерлер жасагандыгы тууралуу так далилдер жок.

 Мокочо

Расмий өкүмдө ага коюлган айыптардын бири — бул “моралдык жаткан бузулгандыгы”. Москвада “Берия көп кыз-келиндерди зордуктаган” деген ушактар жүрчү. Анын кол алдындагылар аялдарды көчөдөн эле кармап, машинага зордоп тыгып, Бериянын дачасына жеткирип беришээрин айтышчу. Белгилүү советтик актриса Татьяна Окунева өзүнүн мемуранында зордуктоого байланышкан бир нече эпизодду келтирген. 1948-жылы Берия 16-жаштагы Ляля Дроздованы жактырып калып, аны токол кылып алат. Ляля ага бир кыз төрөп берет. Берия камакка алынган соң Дроздова “мени зордуктаган” деп арыз жазат. Ал бул арызды бирөөлөрдүн кысымы менен жазган болушу деле ыктымал. Ошондуктан, Бериянын “аңгилиги” жөнүндөгү сөздөрдүн кайсынысы чын да, кайсынысы калп экенин билүү кыйын.

Атомдук долбоордун башында

1945-жылы Берия советтик атомдук долбоорго жетекчилик кылат. Анын кол алдында эбегейсиз репрессиялык машина эмес, советтик эң көрүнүктүү интеллектуалдар: Сахаров, Зельдович, Курчатов, Туполев, Королев иштешет. Жабык түрдөгү илимий шаарлар курулуп, Германиядан жабдуулар менен адистер алынып келинет. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин Семипалатинскиде биринчи атомдук бомба ийгиликтүү сыноодон өтүп, 1949-жылы 29-октябрда Берия Ленин ордени менен сыйланат. “Атомдук энергияны өндүрүүнү жана атомдук куралды сыноону ийгиликтүү өткөргөнү үчүн” ага Сталиндик сыйлык ыйгарылат. Бирок анын атомдук долбоордогу ролу деле бир беткей эмес.

 Жол башчынын түбүнө жеткенби?

Тарыхчылардын көбү “Сталин кремлдик заговордун натыйжасында киши колдуу болуп өлгөн” деген пикирде. Анын себеби түшүнүктүү: жашы бир топко барып калган жол башчы партиялык төбөлдөрдү дагы бир сыйра тазалап, электен өткөрүүнү ойлоно баштаган. Саясый бюронун мүчөлөрүнөн эч кимиси, өзгөчө мегрел Лаврентий Берия өзүн коопсуз сезе алмак эмес. Эгер чын эле жол башчыны жок кылууну көздөгөн заговор уюштурулуп, ал уулап өлтүрүлгөн болсо, мунун уюштуруучусу Берия экендигинде эч шек жок.

 Реформатор

Сталин өлгөндөн кийин эбегейсиз күч-кубатка ээ болгон Берия болуп көрбөгөндөй активдүлүктү көргөзө баштайт. Анын демилгеси менен кеңири мунапыс жарыяланып, лагерлердеги миңдеген кишилер эркиндикке чыгат. Ал абактагыларды кыйноолоорго тыюу салып, саясый туткундарды реабилитациялоо башталат.

Берия ФРГ менен ГДРди бириктирүү, советтик республикаларды “улутташтуруу” идеясын да көтөргөн. Анын ою боюнча, империянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүн Москвадан жиберилгендер эмес, улуттук элита башкарууга тийиш эле. Ал коммунисттик партиянын өлкөнү башкаруудагы ролун агитациялык-пропагандалык функция менен гана чектеп, реалдуу бийликти советтик технократтар менен адистерге бермекчи болгон. Эгер бериялык “жылуулануу” ишке ашса, бүт советтик система маштабдуу түрдө либерализацияланып, түп тамырынан бери кайра курулуп, Хрушевдикине караганда да чоңураак реформа жүрмөк. Бирок, анын бул пландары ишке ашкан жок. Кремлдеги бийлик үчүн күрөштө Берия менен анын тарапташтары утулуп калып, камакка алынып, атууга өкүм кылынат. Ошентип, “Бериянын пландары өлкөнү эмнеге алып бармак?” деген суроо жоопсуз калды.

(Интернет булактардан)

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: