Кеминдеги 77 тоннадан ашык алтындын кору бар делген Талды-Булак-Сол-Жээк кенинен толук алтын өндүрүү үчүн кошумча сегиз айлык мөөнөт берилди. Муну кен казган компания алтын кошулмасын иштетүү технологиясын өздөштүрүү зарылдыгы менен түшүндүрдү. Талды-Булак – Сол-Жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ЖЧКсы лицензия алып, 280 миллион долларлык насыяга алтын иштетүүчү комбинат салынган. Анын 60 пайыздык үлүшү Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ишканасына таандык. Жакында эле ишкана 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени боюнча талкуулар жаралган. “Алтынкен” компаниясы кошулмалар өкмөттүн уруксаты менен ташылып жатканын билдирүүдө.
Расмий маалымат боюнча, учурда “Алтынкен” ишканасында 976 адам иштейт. Анын 96 пайызы жергиликтүү тургундар, төрт пайызы кытайлык адистер. Быйылкы жылы компания 220 миллион сом салык төлөсө, инфраструктуралык долбоорлорго 4,5 миллион сом которгон.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ