Menu

Акылбек Усупбаев, врач: Ушу тапта калктын эң аялуу катмары — эркектер

Бөлүшүү:

Быйыл Астанада КМШ өлкөлөрүнүн урологдорунун биринчи съездинин алкагында жаш окумуштуулардын конкурсу болуп өттү. Кыргызстандан барган жаш врач Рано Халмурзаева “Улгайып бараткан курактагы гипогонадизмде эстрогендин ролу” деген темада илимий доклад окуп, биринчи орунду жеңип алды. Гипогонадизм – бул  эркектин организминдеги тестостерондун азайып кетиши. Ушул маселе биздин жаш окумуштууларды ойлонтуп, эркекти эркек кылган касиети төмөндөгөн учурда, башкача айтканда тестостерондун жетишсиздигинде эстрогендер кандай кызмат аткарарын изилдешкен.  И.Ахунбаев атындагы КММАнын Урология жана андрология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаевдин жетекчилиги астында КММАнын биоэтикалык комитетинин уруксаты менен доцент Зуфар Хакимкожоев коендорго эксперимент жүргүзгөн. Профессордун айтымында, съездге келген делегаттар “Кыргызстан деген чакан мамлекетте дагы ушундай кызыктуу илимий ачылыштар болобу” деген таң калуусун жашырышкан эмес. 

Акылбек Чолпонкулович, сиз жетектеген тармакта уникалдуу илимий ачылышка эксперимент жүргүзүлүп, ал эмгегиңер көз жаздымда калбай үлкөн иш-чарада татыктуу бааланыптыр? Муну силердин тармактагы чоң жетишкендик десек жарашабы?

Албетте. Бул жаңылыкты бир гана урология тармагына эмес, жалпы кыргыз медицина илимине тиешелүү десек жарашат. Анткени аталган эксперимент иш жүзүнө ашып үзүрүн көрүшсө, саламаттык сактоо тармагына кошкон салымыбыз эмеспи. Учурда эл саясат менен гана алек болуп калды. Ден соолукка байланыштуу пайдалуу кеңештер менен сунуштарды, көйгөйлүү маселелерди айтсак эч ким укпайт. Медицинадагы жогорудагыдай саамалыктардан, жаңылыктардан дээрлик бардыгы кабарсыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетсем, саламаттык сактоо тармагы абдан оор акыбалда. Албетте, министр эмесмин, жалпы абалына саясий жактан баа берүүгө укугум жок, бирок республиканын башкы урологу катары байкашымча, медицинабызда жылыш болбой  бир ордунда катып калган. Күчтүү мамлекеттин элинин ден соолугу чың болот. Ден соолугу мыкты болуш үчүн экономикасы өнүгүш керек. Ал эми илимий докладдын дагы  түпкү максаты коомдун күчтүү, таза болушуна кам көрүүнү көздөйт. Кененирээк токтолсок, эркек болобу, аял болобу, адам организминде эстроген (аял организминде басымдуулук кылган гормон) жана тестостерон (эркектин организмине тиешелүү гормон) болот. Көрсө жаратылыш бардыгын бири-бири менен тыгыз байланыштырып шайкеш кармап турат экен. Ошол табигый тең салмактуулук бузулуп, эстроген эркектин организмде таптакыр жоголуп кеткенде тестесторон азайып кетет да, эстрогендер басымдуулук кылып ар кандай ооруларды, аденоманы (залалсыз шишик) жаратат. Эч кандай дартка чалдыктырбаса деле тестостерондун азайышы — эркектик касиетти төмөндөтүп, “эркектердеги климакс” деп аталуучу белгини пайда кылат. Тестостерондун деңгээли эркек организминде жетиштүү өлчөмдө болушу абдан маанилүү. Гормондор ден соолугуна зор пайдасын тийгизип, жыныстык жашоосун жөнгө салып турат.  Бирок эркектерде жаш өткөн сайын кийин тестостерон азая баштайт. Айрыкча 40 жаштан өткөндөн кийин бир жылда 1-1,5%дан төмөндөй баштайт. Ошондуктан бул гормондун организмде көп убакыт бою сакталышында аялдардын гормону кандай таасир этерин эксперимент аркылуу изилдешти.

Изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин кандай далил-аныктама келип чыкты?

Эстрогендер жана андрогендер эркектерде жана аялдарда ар түрдүү өлчөмдө кезигет дедик жогоруда. Эстрогендердин эркектин организминде кандай орунду ээлерин, сексуалдык жашоосуна, жүрөк, кан тамыр системасына,  боордун иштешине тийгизген жагымдуу таасирин аныктап, ошол эле учурда эстрогендер эркектер үчүн ушунчалык баалуубу же аз гана керекпи деген суроого жооп алуу үчүн ага тактык керек болчу. Анүчүн биз  бычылган 20 коенго 2 ай инъекция жана таблетка түрүндө эстроген бердик. Андан кийин алардын бүт ички органдарын  изилдеп чыктык. Эстроген албаган группага караганда, эстроген алган топтогу коендордун  простата безине, сөөктөргө, жүрөккө жана терисине бул гормон жагымдуу таасир тийгизери далилденди.

 “Дени сак эне — дени сак улут” дейбиз. А эркектердин ден соолугуна көңүл бурулбаса, саламаттыгы чың коом кайдан жаралмак эле?

Кептин баары ошондо болуп атпайбы… Улуттун генофонду эркектердин ден соолугунан көз каранды экенин түшүндүрүп элге жеткирүү максатында  10 жыл бою “Мырзалардын ден соолугунун жумалыгын”  өткөрүп келдик. 18 миң кишини, жаш балдардан тартып карыган чалдарга чейин бекер  текшерип, кеп-кеңеш берип медициналык кароодон өткөрдүк. Бир да реакция болбоду, кызыккандар жок. Биздин бул демилгебизди колдоп-кубаттап, жардам берчү бир жан чыкпады. Жыл сайын врачтарымды кубалап, лаборатория, демөөрчү издеп чарчадым. Анан былтыртан бери уланта албай калдык.  Жаңы баштаганда тозок эле болду. Эркектер өзүнүн ден соолугуна ушунчалык кайдыгер мамиле кыларына ошондо даана ишендим. Жүз эркек келсе, анын тең жарымын аялдары  колунан жетелеп келип атты. “Көрчү, ушу соо эмес” десе, мойнуна албайт да жарыктык,  “жо-ок, жакшы элемин” деп. Текшере келсең, толтура патология чыгат. Кийинки жылдары үйрөнүп калышты да, анан өздөрү келе башташкан.  Көрсө эркектер абдан алсыз калк болот экен да. Элдин эң аялуу катмары аялдар, жаш балдар, карылар эмес, эркектер экен да. Жумушу жок калдыбы, арак ичип кетет же өз өмүрүнө кол салат. Аракеч, баңги, кылмышкер болгон кимдер? Эркектер. Травмадан жыл сайын 20 миңден ашык киши өлүп атпайбы, ошонун 80-90 пайызы эркектер. Ооругандардын баары эркектер, бирок мен эркекмин деген куру намыс менен дарыгерге кайрылбастан толтура инфекцияларды жугузуп алып жүрө беришет. Аялы үзгүлтүксүз дарыланып турганына карабастан күйөөсү оору болсо, эч кандай натыйжа чыкпайт. Учурдун  абдан орчундуу, маанилүү жана эң көйгөйлүү маселеси – эркектердин ден соолугу десем эч жаңылбайм.

Арабызда уролог адиске эркектер гана көрүнүш керек деп түшүнгөндөр кездешет. Аялдар уролог врачка көбүнчө кайсы дарт менен кайрылышат?

Ооба, мындай тар түшүнүк менен дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип, оорусун күчөтүп алгандар абдан көп.  Аялдарда деле бөйрөк, табарсык бар. Алар деле эркектер ооруган дарт менен жабыркашат. Аялдар бизге көбүнчө бөйрөк, заара түтүкчөлөрүнүн, табарсыктын сезгенген ооруларында, бөйрөк, заара таштары жабыркаткан учурда кайрылышат. Төрөгөндөн кийин жана гинекологиялык операциялардан соң оору пайда болуп өтүшүп кеткен учурда келишет. Ушу тапта аялдардын 40 пайызы заарасын кармай албай кыйналат. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, оор нерсе көтөргөндө, басса-турса деле заарасы чыгып кетет. Бул көп төрөгөн аялдарда кездешет. Айрыкча кыргыздар кеселин айткандан уялып, дарыгерге убагында кайрылбай  памперс кийип, чүпүрөк коюп алып жүрө беришет да, күчөтүп алат. Аталган ооруну биз  ТVТ/Слинг жаңы ыкмасын колдонуп операция жасайбыз. Тор сыяктуу таркатуучу материал болот, слингдер менен табарсыкты көтөрүп коебуз (бул операцияны мындан 10 жыл мурда Кыргызстанга биринчилерден болуп А.Усупбаев киргизген.-ред.).  Биздин Урология жана андрология борборунда уро-гинекологиялык 5 койка бар, заарасын кармай албай калган аялдар эч тартынбай кайрылышсын (66-36-32 телефону менен байланышса болот.-ред.), алар менен атайын уро-гинекологдор иштешет. Антпесе бул дарттан жабыркаган аялдарга психологиялык-моралдык жактан абдан эле оор. Байкуштарды оору  оңбогондой кыйнап, жүдөтүп-чүнчүтүп салат.

Ушу тапта  урологиялык оорулардын кайсынысы басымдуулук кылууда?

Азыр простата безинин рак оорулары көбөйө баштады. Өкүнүчтүүсү, простата безинин сезгенишине, вирус-инфекцияларга мектеп жашындагы балдар кабылып атышат. Кыргыздын менталитети эмеспи, оорусун айткандан уялып, туш келген антибиотиктерди ичип  жүрө берип, өнөкөт ооруга айланат. Ал жүрүп отуруп ракка жеткирет. Простата безинин рагы, табарсыктын рагы абдан көбөйүп кетти. Бизге түшкөн оорулардын ичинен 2 пайызын түзүп атат. Мурда он чакты гана рак оорусун тапчубуз, азыр бир эле биздин мекемеде 100дөн ашып кетти. Ал эми ракка мынчалык көп операция жасалары түшкө кирчү эмес, урологиялык рак илдетине операция жасоо Орто Азия боюнча бизде гана ийгиликтүү ишке ашууда. Табарсыктын рак илдетин дарылоодо да  жетишкендиктер бар. Европада жана башка өнүккөн мамлекеттерде жайылган жаңы ыкмаларды биздин борбордо да колдонуп атабыз. Мисалы, табарсыкты алып салбай сактап калуу же анын ордуна ичеги-карындан же башка органдардан табарсык жасоо, заара чыгарчу жолдорду организмге ыңгайлаштырган операциялар жасалып жатат.

Нурзада Ташбаева

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: