Menu

Бахадыр Кочкаров: Күнүнө эки саат машыгууга жана англис тилине убакыт бөлүү керек

Бөлүшүү:

Кыргыз футболунда көрүнүктүү, кыргызстандыктар сыймыктана турган бир адам бар, футболчу да, машыктыруучу да эмес. Ал — рефери Бахадыр Кочкаров.  2010-жылкы дүйнө биринчилигинде каптал калыстар арасында матчты тейлөө боюнча рекорд жараткан. Алгач ышкыбоз футболчу, кийин тренер, аягында калыстык кылууга эмне түрткү бергенин Бахадыр Кочкаров өзү айтып берди.

Бахадыр мырза, алгач профессионалдык футболго машыктыруучу катары кирдиңиз эле. Калыс болуп кетүүңүзгө эмне себеп болду?

Аскерге чейин футбол ойноп жүрдүм, андан кийин 1990-жылдары тренер болуп иштей баштадым. Ош облусунун курама командасын машыктырып, балдарымды беттештерге даярдачумун. Ошол эле жылдары Бишкекке командамды алып келгенде оюнду тейлегенге рефери келбей калгандыктан, Футбол федерациясынын калыстар комитетинин төрагасы Альберт Широков мага аны алмаштырууга сунуштады. Ушул күнү алгачкы ирет футболдо калыстын кызматын аткардым. Андан кийин Альберт Широков менен Ярошенко Санович бул кесипти улантууну сунушташты. Чындыгында калыстык кылуу өзүмө дагы абдан жагып калган. Ошентип 1995-жылы улуттук категориядагы судьянын наамын алдым, бир жылдан кийин 26 жашымда ФИФАнын рефериси аталдым.

Рефери-рекордчу болуш үчүн кандай сапаттар талап кылынат?

Эң биринчи психологиялык жактан даярдык керек. Экинчиси жакшы физикалык көрсөткүчтөр талап кылынат. Үчүнчүсү күчтүү эрк. Мындан тышкары, оюндун шарттарын, эрежелерин жана чет тилдерди билүү зарыл. Бул спорттун түрүндө 3 секунддун ичинде судья чечим чыгарышы керек болот. Ошондуктан калыстын мээси автоматтык түрдө иштейт.

Оюнда футболчулар менен тил табышуу оңойго турбаса керек. Дүйнөгө аты чыккан топ тепкичтер оңой адамдар эмес да?

Албетте. Биринчи кезекте команданы, анын ичинде ар бир футболчуну өздөштүрөм. Ар бир оюнчунун мүнөзүн, кандай багытта ойноорун, колунан эмнелер келиши мүмкүн экендигин билип туруп жасай алабы, кандай ыкмаларды колдоно алат, мына ушулардын баарын изилдейм. Эл аралык матчтарда кандайдыр бир жакшы, жылуу сөздөрдү ылгап колдонууга аракет жасайм. Анткени кээ бир учурда футболчуну жооткотууга туура келет. Оюнда баамчыл болуш керек. Ал үчүн туура учурду кармаш керек.

ФИФА судьялардын чындап калыс болушу үчүн кандай шарттарды койгон?

ФИФАнын, калыстар коммисиясынын ишенимине кирүү көп жылдарды талап кылат. Бизди кадимки турмушубуздан баштап, ар бир кадамыбызга чейин текшерүүгө алышат. Интерполдун да көзөмөлүндөбүз. Коомдо өзүбүздү кандай алып жүрөбүз, кандай коомдук иштерди аткарып жатабыз, мунун баарына байкоо жүргүзүшөт. Менимче эгерде адам өзүнүн мекенин сүйсө, футбол федерациясын уятка калтырбоону кааласа, анда ал өз жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Учурда машыгуулардан баштап, медициналык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыктарына чейин ФИФАга маалымат берип турам. Үч айда бир нормативдерди тапшырам. Тамактануумдан баштап өзүмдү-өзүм көзөмөлгө алам.

Ар бир матчтан кийин коммисия түзүлүп, калыстардын ишине баа беришет деп уктук. Сиздин ишмердүүлүгүңүздө одоно ката кетирген учурлар болду беле?

Туура айтасыз, ар бир оюндан кийин калыстардын ишине баа берилет. Кудайга шүгүр, буга чейин одоно каталар болгон эмес. Эгерде мындай каталар болгондо, биз калыстык да кыла алмак эмеспиз. Ошондуктан бул — оор суроо. Адамдык фактор деген нерсе бар. Эгерде рефери атайын туура эмес чечимге барган болсо, тартылган камерадан эмоционалдык абалы аркылуу айдан ачык көрүнүп калат. Менде да мындай көрүнүш байкалганда Дүйнө чемпиондугуна катыша алмак эмесмин.

Футбол талаасында жакын мамилелеш адамдарыңыздын оюнуна калыстык кылуу кыйынбы?

Бизде тааныш үчүн жан тартуу деген жок. Менин атам же балам футбол ойноп, эрежени бузса да ойлонбостон сары же кызыл карточка бермекмин. Тажрыйбамда милиция жана улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине калыстык кылдым. Бирок ар дайым өз принцибимден четтеген жокмун. Мага баары бир, Месси болобу, же Роналдубу, эреже бузса, өз жазасын алат.

Биздин улуттук футбол курамабызга кандай баа бересиз?

Мен тренер эмесмин. Бирок өзүмдүн оюмду мындайча айтат элем. Футбол федерациясы туура жолдо баратат. Мындан үч жыл мурда интервью бергенимде да белгилегем. Командага футболду түшүнгөн, ойногон балдар келди. Кыргыз футболунун деңгээли өстү. Ал эми алардын кандай ойноп жатканын, кандай ыкмаларды колдонгонуна баа бере албайм. Ал менин кызматым эмес.

Кыргыз футболчуларынын арасынан ыплас түрдө эреже бузуп ойногондорду байкайсызбы?

Азыркы учурда кимдин кандай ойноп жатканын алты секунддун ичинде билип койсо болот. Ар бир оюнда отуз беш камера иштейт. Улуттук курама бүткүл өлкө үчүн ойнойт. Ал улуттук форма кийип, көкүрөгүндө желекти тагынып жүрөт. Ошондуктан мен бул тууралуу ойлонбойм дагы. Биздин балдар мындай ишке барышына ишенбейм. Анткени ар бир оюнга беш-алты сааттан учушат, андан кийин организм калыбына келишин күтүшөт. Чындыгында футбол ойноо оңой эмес. Ошондуктан футболчулардын, калыстардын чыныгы жашоосун чагылдырган бир кино тартыш керектин сунуштап келем. Алар эмне менен тамактанат, үй-бүлөдө кандай болушат, машыгуулары кандай өтөт, оюнда өзүн кандай алып жүрөт, деталдуу ачып бериш керек.

Кыргызстанда эл аралык категориядагы калыстардын саны жетиштүү элеби?

Туура суроо бердиңиз. Эгерде бизде калыстар болбосо, футбол болмок эмес. Мен жакында эле жаш калыстарды даярдап чыгардым. Кыргызстандын футбол федерациясы бул маселени да кылдат көзөмөлгө алып, реферилерди  даярдоодо.

Келечекте рефери болом деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Эң биринчи принципиалдуу болушу керек. Жаш судьялар дароо эле дүйнөлүк деңгээлге чыгууну каалашат. Бирок эл аралык матчтарда андайлар бат эле “күйүп” кетишет. Айтаарым: ар бир секундду изилдеп, колдон чыгарба. Зирек болуп, керектүү учурда керектүү жерде бол. Футболдун бардык түрлөрүн жатка бил. Англиялык, голландиялык, америкалык, германиялык футбол болобу, изилде. Туура жолду тандап, туура багытта жүрсөк, Кудай өзү берчүсүн берет. Бул тагдыр, андан эч ким кутула албайт. Ошондуктан жаштарга айтаарым, чоңдорду угуп, күн сайын эки саат машыгууга, эки саат англис тилине убакыт бөлүшсө, келечектери жакшы болот.

Сиз өзүңүздү бактылуу адаммын деп эсептейсизби?

Эгерде мен Кыргызстанга кандайдыр бир пайда алып келсем, демек ошондо мен өзүмдү бактылуумун деп айта алсам керек.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: