Menu

Акылман Айтматов арсыздарга алдын ала айтчусун айткан…

Бөлүшүү:

“Жерден жик чыкты, эки кулагы тик чыкты” деген балалыктын табышмагындай кыргыз китеп айдыңында “Унаис” аттуу былжыраган басылма пайда болду. Береги 60 жаш жаман-жакшы курагыма чейин канчалаган китеп окусам да, мындай сабатсыз, дөөдүр китепти алгач ирет аргасыздан окуп чыктым. Окудум да, ээ катыгүн, 25 жылдан бери китеп окубай башаламан базар турмуш менен башмалдак атып калган кыргыздын урпактары дүйнөнүн 164 расмий тилине которулуп, көз жашындай кыргыз элин аалам кыйырына тааныткан алп жазуучубузду былжыр мээлүү Мелис Арып-Бектин деңгээлинде кабыл алабы деген түпөйүл коркунучтан калем алдым.
2013-жылдын сентябрь айында, “Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата” деп кытайлык кыргыз жазуучулары жергебизге келгени эске түшөт. Аларды дипломат калемгер Асанбек Токтогулов экөөбүз Шекерге коштоп бардык. Боордошторубуз береги Төө-Ашуу, Суусамыр, Өтмөк, Манас Ордого ушунчалык суктанышат, “Айтматовдун Шекерине качан жетебиз?” – деп дегдешет…
Атаңдынгөрү, биз кембагалга “колдо бар алтындын баркы жок”, а конокторубуз Шекерден кеткиси келишпейт. Айтылуу “Дүйшөндүн багында” Ильгиз байке эс алып жүргөн экен, Чыңгыз абакебиз тирилип келгендей эле тегеректеп алышты. Кыскасы кытайлык туугандар Ч.Айтматовду пайгамбардай урматташаарына кайра мен таң калып, суктанып турдум.
Ошондо куунак көңүлгө көлөкө түшүрөөр кесепет жолугушуу болбогондо баары майрамдагыдай сонун эле… Кытай өлкөсүнө белгилүү тарыхый роман жазуучу Оркалча аксакал экөөбүз ээндей сүйлөшүп жүрсөк, алдыбыздан айылдык бирөө жолугуп калды. Жөн-жай сурашкандан соң, тиги шекерлик сөрөй “Айтматов бизге эмне кылып койду? Жок дегенде жолго да көңүл бурган жок…” дебеспи. Кудая тобо, бирөө атайлап жибергенсиген сейрек сакал тепейген кыйды чал тикчийип бет маңдайда турат. Не дейсиң, атаңдай улгайган киши да… Ошондо оро-парада Оркалча аке сабырдуу мындай деди:
– Тууганым, сен экөөбүз кайгырган жолду оңдоп-түзөө мамлекеттин иш милдети. Биз тээ Ала-Тоонун аркы тарабынан Айтматовдун чыгармаларынан окуп дайынын билген Шекер айлыңды бир көрсөк деп дегдеп келдик. Болбосо сендей адам менен жолугушаарды Жараткан кудай буюраар беле, ким билсин!?
Ал го ал болду, мына эми “Унаис” китеп болумушу тууралуу мурдагы айтылгандарды уласак, былжыр жыйнактын автору Мелис Арып-бек деген жогоруда Оркалча акени кейиткен айылдык бир чектелген кесеп чал эмес, орусча-кыргызча урдура оомал-төкмөл жаза билген кокуй экендиги менен кыйла маанилүү, кооптуу эй! Ооба, кыргыздын көзгө басаар, куттуу рух дөөлөтү”Манас” чайкоочулуктан арылбаса, ааламдык сыймык таянычыбыз Айтматовдун алка-жакасына ашмалтай асылышса… Болуптур, Омор акын Султанов таамай айткандай: “Эй, кашайгырлар, мобу акын-жазуучубуз деген беш жүздөйүбүздүн жолубуз мынабу Меркеге чейин эле, а андан ары Чыңгыз Айтматовдун ааламы башталат да” деп же кыргызча кенебей, Мелис Арып-бек эмне Айтматовдун погуна куурай сая алабы деп отура берсек кандай болот?
Жаман болот, өтө жаман болот! Дегеним, ири алды береги эгемендик делген чейрек кылым (!) аралыгында китеп окубай калган кыргызга, “Айтматовдун чыгармаларын түшүнбөйбүз” деген жалкоо окурманга, көргөн-бакканын адабият деп тизмектей берген коммерция китептердин чаңдуу жолу кеңеет, туташ сабатсыздык туманы баса берет. “Айтматов кудайсыз, дин безер” деп мечиттерде жылжытып дин баян айткан айрым жан дүйнөсү коргондолгон, улут безер, илимсиз, кара өзгөй молдолордун чырагына май тамат. Ошентип бир боорум, урпактарга, улут – мамлекет келечегине, рух тамырыбызга оңбогондой доо кетип, сокку урулат!
Дагы не дейли… Албетте, Чыңгыз акебиз Улуу Жараткандын биздей эле адам-пендеси болгон: күлгөн, ыйлаган, мүдүрүлгөн… Биз да пенделик кылып кемчиликти ушул жактан издегенге машпыз. Өз деңгээлибизде жобурайбыз…
А жазганычы? Ошол Улуу Жараткан миңдин, миллиондун, миллиарддардын арасынан чанда колдоп-сүйөмөлөгөн талант, кудурет-күч, ыхлас-илхам менен улуу турмуш – жашоонун кыйырсыз агымын, күңгөй-тескейин, андагы алектенген адам-пенделердин айжаркын, кайталангыс, коркунучтуу, ажайып образ-бейнесин ташка тамга баскандай жазганын айталы.
Ооба, сүйүүсүз жашай албаган, жалындаган Жамийланы, эл-жерин кыйбаган качкын Ысмайылды “Жабылуу кара инген” – кайраткер Толгонайды, караңгылык менен күрөшкөн мугалим Дүйшөндү, асылынан адашкан армандуу Илиясты, өз чындыгы үчүн жанын аябаган акыйкат Танабайды, келечек урпагы үчүн жан кыйган ата Эмрайнды, жамандыкка келише албай сууга аккан, таза муун баланы, маңкуртту, эне-бейитти… Стоп! Мына ушул жерден көсөм, гений калемгердин алдын ала “былжыр мээлүү акылман, котур таштуу” Мелис Арып-бектин образын кандай бергенин жана да сабатсыз молдокелерге шарияттан даабат айтканын окуп көрөлү:
“Адамдын адам болгон касиети жаралганда кошо жаралып, өлгөндө өзү менен кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акыл болсо, аны түп тамыры менен жулуп салса бу неге деген шумдук, андан көрө туткунду жүрөгүн өлтүрөр кыйноого салса же түз эле башын алып салса тигиге салыштарганда адилетчилик болбойбу. Кыяматтуу туңгуюк тарыхынан жамандыктын не бир кыянаттуу түрлөрүн алып чыккан айдар көкүл көчмөн жуңжаңдар эми адамдын эң ыйык назилине кыянатчылык кылышты…
…Сабитжан экөөнүн ортосундагы болгон сөздөн кийин ал адамдын адамдыгынан түңүлө жаздап, ата-бабанын өбөк-жөлөк деген үмүт-тилегинин баары урпактарынын дилинен чаң-тозоңдон бетер учуп кеткенби деп жаны кейип, өрт алгандай ичи эңшерилип, эсин жыя албай туруп калды. Өрт алган жан дили азыр арылдап суук шамал такатсыз өтүп турган, коюуну ээн караңгылык басып турган куру көңдөй капчыгайга окшоп турду, опол тоонун боорун көңдөйлөтүп тешип койгонсуп жаны ачышып турду. Талаага кеткен кайран сөз, куруган жанымда бу сөздү эмне баштадым деп Борондуу Эдигей өкүнүп турду, кейип турду. Акылдашып жардам сурай турган киши ушу Сабитжан беле? Билимдүү эмеспи, окумал эмеспи, өзүнө окшогон кишилердин тилин таап сүйлөшө алар деп үмүт кылган кишиси ушу Сабитжан! Көрүнгөн курста, ар жердеги институттан окуп чыккандагы майнап ушубу? А балким окуп бүтүп, иштегенде дал ушундай болсун деп атайы окутушкан чыгар? Балким бир жерде акылы тетик, көзү жетик бир киши отургандыр, ал өзү киши эмес адамдын башын маң кылган жин-шайтандыр, ал Сабитжанды кандай окутушкан митаамчылыгын коротуп, Сабитжанды башка киши кылып чыгарбай, дал Сабитжан кылып чыгарышка максат күткөндүр?..
– Маңкурт экенсиң! Маңкурттун маңкурту сен экенсиң! – деп каргап да, аяп да сүйлөндү жаны кашайган Эдигей.
Бирок Эдигей болгон ишке моюн сунуп отуруп бергиси келбеди, мүңкүрөп кала бергиче бир айласын табыш керегин, бир чарасын көрүш керегин билип турду. Ушу бойдон кетенчиктей берсе, ушу бойдон эңкее берсе, өз көзүнчө өз наркынан ажыраарын билип турду Борондуу Эдигей.

***

…”Ашадван ля илла хиль алла” – “кудайдан башка кудай жок” – деп келменин биринчи сабын айтты да, ингенди көздөй шар басты. Ачуусунан эмес, расмиске Акмая саал бакырып коюп, акырын чөгүп берди. Куржунду эки өркөчтүн ортосуна арта салып, Найман-Эне желмаянга минди, теминип койду. Акмая ойкуп-кайкып тура келгенде Найман-Эне жерден бийик учуп кеткендей болду. Алыс сапар жол жүрөрүн Акмая эми туйду…
…Даарат алган соң Эдигей көр башындагы жаназаны өткөрүү парзына каада кармады. Канистранын тыгынын тыгып, экскаватордун далдаасынан бери чыгып келди да, сакал-мурутун сылап салабаттуу үн катты:
– Кудаанын кулу, пайгамбардын үммөтү, жаны а дүйнөгө жол тарткан Казангап уулу Сабитжан, кел, менин сол жагыма тур. Силер төртөөңөр сөөктү апкелип жайдын кырына койгула, башын кыбыланы караткыла, – деди салтанаттуу доош менен. Айткандары аткарылып бүткөндө, эми баарыбыз кыбыланы карап туралы. Алаканыңарды жайгыла, сөзүңөр менен дилиңер кудайда болсун, биздин өтүнүчүбүз жеткендей болсун…
…Алдыда терең казылган көрдүн кырында замбил табытта Казангаптын сөөгү жатты. Жалпы баарыга жана ар бир пендеге, ар бир учурга жана кыямат кайымга чейинки бардык заман-доорлорго арналган куран сөздөрүн кобурап, ал сөздөрдө өлгөнгө да, тирүүгө да, пендеси кайсы доордо жашабасын, кандай киши болуп жүрбөсүн, баары бир кудаанын кулу экендигин, демек али туула элек келечек пендеге да тиешелүү маанисин чечмелеген, ушуну биле жүрсүн деп пайгамбар үммөттөрүнө мурас кылып кеткен сөздөрдү кобурап, Борондуу Эдигей аларга өз дилинен чыккан, өмүр тажрыйбасынан чыккан ойлорун кошумчалады. Ушунча жашап, ошончо ой ойлонбогон жан бекен Эдигей.
Эгер угуп жатканы чын болсо, Алла таалам, ата-бабам айтып өткөн куранды кулуң мен да кайталап турганымды ук. Менин кошкон ойлорум артыкбаш болбос…”

P.S.
Кайран Борондуу Эдигейдей мен кембагал да мына буларды кошсом артык баш болбос: аттиң арман, алп жазуучубуздун чыгармаларын урпактарыбыз окуп, ошол 164 тилдүү калктын окурмандарындай окуп, аңдап түшүнө алса атаганат. Анда биз береги өзүбүз демократия деп атаган “анархия менен маңкуртчулуктун саздуу аралчасынан” ылдамыраак чыгып кетер белек…

Дүйшөн Керимов
Бишкек шаары
Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: