Menu

Азимжан Аскаровдун соту 11-октябрда уланат

Бөлүшүү:

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароо 11-октябрда уланат. Бул тууралуу чечимди бүгүн Чүй облустук сотунун соттор коллегиясы кабыл алды. Сот жараяны мындан ары ар шейшемби күн сайын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт департаментинин имаратында өтөт.

Бүгүнкү соттук жараянда айыпталуучунун адвокаттары, жабыркаган тарап жана күбөлөргө сөз берилди. Өз кезегинде Аскаровдун жактоочуларынын ишти кайра тергөөгө жөнөтүү жана айыпталуучуну үй камагына чыгаруу өтүнүчү сот тарабынан канааттандырылган жок.

Ошондой эле күбөлөргө сөз берилип, милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун кесиптештери көрсөтмө беришти. Алардын айрымдары тополоң болгон учурда Азимжан Аскаровду көрбөгөнүн айтышса, кээ бири Аскаров көпчүлүктү өзү баштап, элди чагымчылдыкка үндөп жүргөнүн билдиришти. Мындай сөздөргө айыпталуучу Азимжан Аскаров Куранды кармап күнөөсү жок экенин, 2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондогу башаламандыкка катышпаганын айтып, сотту ишендирүүгө аракет жасады.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: