Menu

Мунара Ибрагимова: “Он тогуз жашымда Европалык мекемеде тең укуктуу кызматкер болдум”

Бөлүшүү:

Мунара Ибрагимова Европадан билим алуу үчүн 17 жашында кеткен. Польшада эл аралык мамилелер боюнча окуп, учурда IT-компаниялардын биринде эмгектенет.  Өз келечегин Европадан көргөн Мунара жашоого болгон көз караштары, алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Мунара, Польшанын Варшава шаарында билим алганыңызды билебиз. Университетте кыйналган жоксузбу?

Мен үчүн билим алуу өтө оор болгон жок. Окуу англис тилинде болгондуктан, Бишкектеги түрк лицейинде алган билимимдин пайдасы тийди. Алгач ыңгайсыз болуп жүрдүм. Мында биздин жогорку окуу жайлардай эмес, бирок мен мугалимдерге тез эле көнүп кеттим. Бул жакта  ар кайсы өлкөдөн, ар кандай маданияттын өкүлдөрү билим алышат.

Польша сизди кандай тосуп алды?

Мен келгенде болгону 17 жашта элем. Ал учурда мен үчүн бардык нерсе кызык болчу, себеби алгачкы жолу өз алдымча чет жакка чыккам.  Жаңы шаар, жаңы адамдар жана таптакыр бөлөк  менталитет…  Варшавадагы биринчи күнүмдү эстесем, польшалыктар мени жылмайып тосуп алышканын айтат элем. Поляктар токтоо жана меймандос болушат. Бул жакта кыргыздар казактарга салыштырмалуу анча көп эмес. Биринчи курста метродо бара жатсам, бир казак жигит келип учурашып калды. Ал мени казак болушу керек деп ойлоптур. Мекенден алыс жакта окшош жүздөрдү көргөнүбүзгө өтө сүйүнгөнбүз.

Польшада студент болуу кандай экен?img_0245

Европада студенттерге жеңилдиктер өтө көп: коомдук унааларга, киного, зоопарктарга, учак билеттерине 50% жеңилдиктер каралган. Бирок Варшавада жатакана табуу оңой эмес, студенттерди баары эле жакшы көрө бербейт. Ошол эле учурда студенттик жашоо абдан кызыктуу өтөт. Биз Париж, Берлин, Амстердам сыяктуу бир топ шаарларда болдук. Ар кайсы өлкөдөн, ар кандай таасирлер калды. Эгерде бул жакка келе турган болсоңуз, кышы өтө катаал болоору эсиңизде болсун.

Билим берүү системасы Кыргызстандыкынан айырмаланабы?

Ооба.  Менимче мугалимдери коррупцияланышкан эмес. Студент бардык экзамендерди өз күчү менен тапшырышы керек.  Жакшы аракетиң үчүн деп “3” да койбойт. Эгер жакшы жыйынтык көрсөтөм десең, чөнтөгүң менен эмес, башыңды иштетишиң керек. Европа менен биздин билим берүү системасын салыштыргым келбейт. Себеби бизде кемчиликтер көп. Мен Кыргызстан келечекте билим берүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктайт деп ишенгим келет.

Учурда IT-компанияда иштеп жатыптырсыз. Бул жумушка кандайча орношуп калдыңыз?

Менин университетим Евробиримдик тарабынан уюштурулган «Чексиз стаж», «Эл аралык стаж» гранттарын жеңип алган, бирок квота өтө эле аз. Ошого карабастан өз күчүмдү сынап, катышып көрүүнү туура көрдүм. Мени IT-компанияга чакырышты. Баарлашуу англис тилинде болду, бирок  эч кандай толкундоо болгон жок. Бирок өтө оор суроолор берилди. Мен ушундай татаал болоорун  күткөн эмесмин. Бактым бар экен, мага чалып компания кабыл алганын сүйүнчүлөштү! Анткени 19 жашымда европалык мекемеде толук укуктуу кызматкер болдум. Мага өз жумушум жагат. Кардарларга маалымат берип, маалыматтык системаны жана компаниянын түйүндөрүн курууну пландайм.

Варшава шаары, анын жашоочулары сизди таң калтыра алдыбы?

Башында албетте, жаңы шарттарга, жаңы адамдарга көнөсүң. Европалыктар кыргыздардай эмес, өздөрүн кармай билишет, токтоо, бирок ар нерсеге ышкыбоз  болушат. Поляктар үчүн  биринчи орунда карьера турат. Үй-бүлө тууралуу ар бир кыз ойлоно бербейт. Көпчүлүгү жалгыз жашашат. Турмушка чыгууну 35 жаштан өткөндө ойлонушат же өмүр бою чыкпай деле кое беришет.

img_0236Чет өлкөдө жүргөндө көзүң ачылат деп коюшат эмеспи. Жашоого болгон көз карашыңыз кандайча өзгөрдү?

Эң негизгиси, менин келечегим Европада экенин түшүндүм. Биринчи курсту аяктап, Бишкекке барганда ошол эле адамдар, ошол эле маршруткалар, ошол эле жолдор өзгөрүүсүз калганын көрдүм. Ошондо кайра Варшавага кетким келген. Бишкекте төрөлүп, өскөнүмдү танбайм. Бирок алдыга умтулуш керек, ошондуктан мен Польшада калам.

Сыртта билим алууну каалаган жаштарда кандай сапаттар болушу керек?

Чындыгында бардыгы жеке адамдын өзүнөн көз каранды. Башында мен токтоо кыз болчумун, чоңойгон сайын өзгөрдүм. Бул нерсе мени кубандырат деп деле айта албайм. Бирок айрым нерселерге бир аз кайдыгер болуп, бат чечим кабыл алууну үйрөндүм. Кайсы бир деңгээлде агрессивдүү болуп, бирок ошол эле учурда өз алдынча болууга жетиштим. Сенин ар бир чыгымдарың, ар бир чечимиң бир гана сенден көз каранды экендиги сөз менен түшүндүргүс сезим.

Арада Америкага да барып келипсиз. АКШ сизге кандай таасир калтырды?

Американы канчалык сүйүп калганымды айтып берүүгө сөзүм жетпейт. Ал убакта мен 18 жашта элем. Бажы кызматынын кызматкери менин паспортумду көрүп, жылмайганы дале эсимде. Ал досторунун биздин өлкөгө келип кеткендигин айтып, жайлоого чыгып, кычкыл суусундук ичкендерин баяндап берди. АКШнын ар кайсы штаттарын көрдүм. Америка ар бир адам үчүн чоң бир мүмкүнчүлүктөрдүн мекени.

Мүмкүнчүлүк болгондо Кыргызстанда эң биринчи эмнелерди өзгөртүүгө аракет кылмаксыз? 

img_0240

Шартым болгондо жаштарга тренинг өтмөкмүн. Мен алардын жүрөгүндөгү тоскоолдуктардан коркпоого, көз карандысыз болууга, өз алдынча аракеттенүүгө болгон сезимдерин ойготмокмун. Кыргызстанда болсо да, ар кайсы тармактарда өздөрүн сынап көрүүгө чакырмакмын. Биздин муун коррупциялашкан өлкөдө өсүшүн каалабайм. Тилекке каршы, бизде бардык нерсе тааныш-билишке барып такалат. Жаңылыктарды окуган сайын Кыргызстандагы жагдай күндөн-күнгө начарлап баратканына күбө болуп атам. Бирок өлкөгө бир гана өзүбүз жардам бере алабыз.

Кыргыз кыздарына кандай кеңештерди берет элеңиз?

20 жашта турмушка чыгууга шашпагыла. Ар бирибиз жаштыктан, студенттик күндөрдөн ырахат алышыбыз керек. Саякаттагыла, өзүңөрдү издегиле! Эң башкысы билим алгыла.

Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз, кайсы жакта болушуңуз мүмкүн?

Учурда мен 20 жаштамын. Келечекке белгилүү пландарым бар. IT тармагы боюнча карьера жасап, Германияга магистратурага тапшыргым келет. Учурда мени бардык нерсе канааттандырат. Мен бактылуу адаммын. Дайыма колдоп турган үй-бүлөм жана жакындарым бар.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: