Menu

Аялды кор тутсаң, үйүңдөн кут качат

Бөлүшүү:

Аялзаты бу жашоого бактылуу болуш үчүн жаралган. Ата-энесинин көз мончоктой асыраган эркеси, кийин сүйүктүү жар, бактылуу эне болууга тийиш. Бирок… Татаал тагдыр, тузу оор турмуш ушул назик жанды өзгөчө сынап туруп алат кээде. Ар кандай сыноолорго кабылып, ал тоскоолдуктарды майышпай көтөрө билген эрктүү, күчтүү аялдар бар. “Сезим” кризистик борбору андай каармандардын башкаларга үлгү болорлук сапатын баалап, ыраазычылык иретинде “ЭРКТҮҮ АЙЫМ”  сыйлыгын быйыл биринчи жолу он аялга ыйгарды.

Эмчектеги баласына карабай кул кылышкан  

Бакыт  34 жашта. Ал эмчектеги баласы менен мындан сегиз жыл мурун Оштон Казакстанга иш издеп барып, кулчулукка туш болгон. Бакыттын көрбөгөн кордугу калган жок. Ал барганда эле алып барган тааныштары болгон документин  алып коюп, бардык  кара жумуштарга иштетип, айлык акысын бербей кулга айландырып алышкан. Кышы-жайы казактын ээн  талаадагы шарты жок сарайларында жашап, качып кетүүгө  аракет кылган менен майнап чыгарына көзү жетпей, жардам берген адамдары жок, башына түшкөн оор тагдырды  көтөрүүгө аргасыз болгон. Ушундай күндөрүнүн биринде ага боору ооруган казак киши жардам берип, Кыргызстандын ӨКМ  кызматынын ишеним телефонуна бир гана телефон чалуу менен жардам сурап кайрылган. Андан соң консулдук кызмат аркылуу табылып, баласы дагы алынып, мекенине кайтып келген. Бирок кордук көрүп, кулчулуктун кесепети анын жашоосуна так түшүрүп, дароо коомго аралашып кетүү мүмкүн болгон эмес. Дал ушул маалда “Сезим” кризистик борбору Бакытка бардык тарабынан жардам берип, анын психологиялык басмырлоосун, ишенимсиздигин жоюп, коомго аралашууга салымын кошконун ыйлаган Бакыт сыйлык алууда сөз айта албай, жаш балача эреркеп ыйлады. Анткени ал башынан өткөргөн чоң сыноолорунан кийин гана бүгүнкүдөй  ийгиликке жетишип олтурат. Учурда Бакыт Бишкекте чакан ишкана ачып, азыр башка жабыркаган аялдарга жардам берип келет.

ajna

Айна бүгүн башкы ашпозчу

32 жаштагы  Айна дагы 9 жыл жашап, үй-бүлөсүн сактап калууга аракетин жасаган. Бирок аракеч күйөөсү аны дайыма ур-токмокко алып, эки баласын кошо сабап, бир нече жолу туугандарыкына баш калкалап барып турган. Бирок акырында алардын ыр-чырынан тажаган туугандары дагы Айнага жардам бере албайбыз деп калышкан. Ошондой күндөрдүн биринде аракка тоюп келген күйөөсү кезектеги зомбулугун көрсөткөндө эки баласын канатына калкалап, кандай турса ошондой качып чыгып кетишкен. Бул анын чыдамынын акыркы чеги эле. Ошондон баштап Айна ачка болсок дагы атасыз жана кордуксуз жашайлы деп чечкен. Антпесе же ал өлүп, же мен  өлүп тынмакмын дейт. Ошол күндөрү Айна “Сезим” кризистик борборуна кайрылып, анда иштеген кызматкерлердин камкордугу менен  терең  депрессиядан чыккан. Учурда ал ашпозчунун окуусун бүтүп, кафеде башкы ашпозчу  болуп иштеп, балдарын Гмайнер атындагы балдар мектебинде окутуп, өз алдынча батирге чыгып тынч жашап келет.

kyjalӨз үйүнөн түн жамынып качкан Кыял

Кыял  48 жашта. Ал кызыл камчы күйөөсү менен 17 жыл чогуу жашап, үч кызды тарбиялап жүргөн. Бирок акыры чыдамы кетип, жашоодон тажаган. Анткени үй түйшүгүнүн баарын өз мойнуна алып, балдарын жалгыз баккан. Күйөөсү жумуш жок деп аракет кылбай, арак ичкенин күчөтүп, абалды ого бетер курчуткан. Бир окуя болбогондо мүмкүн Кыял деле ур-токмокко чыдап жашамак. Бир күнү адатынча мас келген жолдошу ур-токмокко алганы аз келгенсип, арачага түшкөн улуу кызын дагы көк ала кылып сабап салган. Ошондо чыдамынын чеги жеткенин билип, жыйнаган үй-тирилигин калтырып, балдары менен өз башын аман алып чыгып кетүү үчүн үйдөн түн жамынып качып чыккан. Ошентип “Сезим” кризистик борборуна келип, психологиялык жардамды алган. Кичүү кызын мектепке киргизип, өзү дагы иштеп, азыр жашоонун жаңы баскычын баштап, келечектеги максаттарды ишке ашырууга багыт алган.

nurija

Элүү жашында көчөдө калган

Нурия элүү жаштан өткөн аял. Бул учурда жашоо өз нугуна тушүп калчу мезгил эмеспи. Жаш кезинен иштеп, маңдай тер менен тапкан үйү бар болчу. 34 жашында турмушка чыгып уулдуу болот, үй-бүлөлүк бактымды эми таптым деп ойлогон. Тилекке каршы, күйөөсү ичип-жегенден башканы билбеген, кекиртегин тыя албаган аракеч, зөөкүр болуп чыга келген. Үч жылдан соң чыдабай ажырашып кеткен. Бирок кайгы жалгыз келбей, чоочун эле адамдар ал жашаган үйгө ээбиз деп аны жаш баласы менен талаага кууп чыккан. Батирлеп күн кечирип жатканда кожоюну ага кол көтөрүп, көк ала кылып сабаган. Уулу экөөнүн бир кезде баш калкалоого жери, ичерге ашы жок калган күндөрүн эстеп, учурдагы ийгиликтерине тообо кылышат. Психологдордун жардамы менен коомго кошулуп, мурдагы тигүүчүлүк кесибин өркүндөтүп, “Сезимден” алган чакан насыясына азыр ишкана ачып алган. Уулу жогорку окуу жайына өтүп, “Курманжан датка” фильмине тартылууга дагы жетишкен.

Гүлмира Үмөталиева, «Сезим» кризистик борбору

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: