Menu

Кыргыз өкмөтү достук жооп катары өзбек делегациясын чакырат

Бөлүшүү:

Кыргыз-өзбек кызматташтыгын күчөтүү максатында кыргыз өкмөтү Өзбекстандан атайын делегацияны Кыргызстанга чакырганы жатат. Бул тууралуу  өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Ал өкмөт башчы тарабынан атайын тапшырма берилгенин кошумчалап, достук жолугушууга жооп катары уюштуруу иштери тапшырылганын, азырынча так мөөнөт аныктала электигин билдирди.

1-октябрда вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин коштоосунда Кыргызстандан делегация Анжиянга барып келген. Өзбек тараптын чакыруусу менен өткөн иш-чарада кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралган.

Жолугушуу учурунда кыргыз делегациясы Анжиян мамлекеттик университети, достук үйү жана кыргыз диаспорасы менен жолугушкан. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш облустары арасында кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: