Menu

Фабула: Беккелдиден күлкү…

Бөлүшүү:

Наам алган ырчыларга

Аты-жөнү белгисиз ырчыга журналист суроо  берет:

-Сен кандайча Эмгек сиңирген артист болуп калдың?

-Мен деген шайлоодо өлүп-талып бир партияга иштегем бир сом албай, анан шайлоодон кийин ошол партиядагы адамдардын тойлорунда ырдайм. Ошол эмгегим Эмгек сиңирген артист кылды.

Журналист:

– Эл-жер кыдырып талантыңды элге тартуулаган эмессиңби?

-Талаалап эмне кылам, Бишкекте эле ырдап жүрүп алып калдым.

Журналист, Эл артисти наамын алган ырчыга:

-Сиз кандайча Эл артисти болуп калдыңыз?

-Кантип наам алганымды мен өзүм түшүнбөй калдым, Кыргызстанда жашаган 80 улуттун тойлорунда ырдадым, анан сыйлык берген жердеги комиссияда эки “дүжүр” чал менен эки “дүжүр” кемпир бар, ошолордун балдарынын, неберелеринин, чөбөрөлөрүнүн тойлорунда бекер ырдадым, анан ошолор ыраазычылык катары ушул наамды берип ташташты.

-Алыс жактарга барбай элеби?

-Алыска барып жиндиминби? Бишкектеги тойканаларда эле жүрдүм.

***

Адахан Мадумаровго

Журналист:

-Адахан Кимсанбаевич, жашыңыз элүүдөн ашты. Буга чейин бир далай жогорку кызматтарды жетектедиңиз. Артка саресеп салып эмнеге өкүнөсүз?

А. Мадумаров:

-Көп нерсеге өкүнөм. Өзгөчө эки нерсе өкүндүрөт. Биринчи, Жаныш Бакиевдин элүү жылдыгында ага элден айырмаланып ашыкча жагынып, каалоо-тилекти айтканыма, эл бербеген эң кымбат белек бергениме. Экинчи өкүнгөнүм каргашалуу 7-апрелде курман болгон эр-азаматтарды алкаштар, наркомандар деп  жырткычка, айбанган теңеп мазактаганыма абдан өкүнөм.

***

 Жамбыл Камчиевге

Жамбылды аялы Сайра түн ортосунда апчып ойготот:

-Ой, Жамбыл үйгө терезеден ууру кирди окшойт, акырын эшикти ачып карачы?

Анда Жамбыл:

-Жөн жатчы, алчусун алып терезеден чыгып кетсин. Өңгө бүтүп эми ууру менен соттошобузбу, ансыз деле Эл артисти Замирбек Үсөнбаевге карыз болуп кутула албай жүрөм.

***

Максат Чакиевге

Нариман Түлеев түн ортосунда Нарындан келе жатып Долондун башынан каска кийип, чукулук, кетмен, күрөк көтөргөн Максат Чакиевге жолугуп калат.

-Ой, Максат, кайдан түн катып?

-Жогорку Нарын ГЭСине баратам. РУСгидро компаниясынын мурдагы жетекчиси биздин чоңдордун кулагына “лапша” илип ГЭСти куруп баштаганда жер алдына алтын саатын салбады беле, ошол саатты нарындыктар казып ала электе эртелеп казып алайын деп баратам.

***

Рахман Разыковго

Рахман менен Кубик жолугуп калат. Ырбыйып турган Кубикти Рахман жактырбай:

-Кубик, ачкалыктын сөлөкөтүндөй болбой кичине толсоң боло, той-ашта эле жүрөсүң десе, Кубик:

-Рахман аке,  силер тоюнуп, жарылганча мен чыдайм дептир.

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: