Kyrgyztoday сайтына 3-октябрда “Фабула” гезитинен алынып жарыяланган пикирге жооп катары…
Урматтуу фабулачылар!
Кыйналып күтпөй эле койгула. Кадыржан Батыровду чек арадан чыгаруу же качыруу жөнүдө менден «мандем-сандем» эле эмес, «кулагын» дагы микроскоп менен издесеңер таппайсыңар. Экинчиден, Бакиевдин арамза бийлиги мени мыйзамсыз сегиз жылга камаганда дагы чочулабай тургай корккон да эмесмин. Ошол учурда бирге жүргөн Алмаз Шаршенович Атамбаевден сурасаңар, ал жөнүндө өтө жакшы билгендиктен, силерге айтып берет. Ошондуктан чочулоо-коркуу маселеси боюнча камсанабай эле койгула.
Үчүнчүдөн, Батыровду чек арадан чыгаруу «мандеми» менен «кулагын» жакшылап издесеңер, азыркы эл арасында айтылып жаткан, анттарынан тайып, сөздөрүнө турбаган «мародерлордун» арасынан табылып калышы мүмкүн.
Төртүнчүдөн, силерге айтаар наасатым, адамдык жана журналисттик сапатыңарды бийик сактап, ушак божомолдорго жол бербей, жарандардын ортосунда чок таштоодон алыс болсоңор, бүгүнкү бийликтин плинтустан төмөн түшкөн баркын аз болсо да жогору көтөрүү менен өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө салымыңарды кошмоксуңар.
Аман болгула, силерди ийгилик коштоп жүрсүн.
Исмаил Исаков
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ