Menu

Жыл башынан бери эл аралык транспорттук коридордун 374,7 чакырым жолу реабилитацияланды жана оңдоп-түздөөдөн өттү

Бөлүшүү:

2016-2025-жылдарга Жол тармагын өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруунун алкагында 2019-жылдын башында өлкө боюнча эл аралык транспорттук коридордун 374,7 чакырым жолу реабилитацияланды жана оңдоп-түздөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол каттамдарын жакшыртуу жана өлкө аймактарындагы жол жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштар эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашууда.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында наркы 600 млн сомдук узундугу 140,0 чакырым келген райондордун борборлорундагы көчөлөрдүн жана жолдордун 113 объектисинин тизмеги бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган жумуштар аткарылды.

Муну менен катар аймактарды аралап жүрө турган автобустардын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.  Автобустук каттамдар менен камтуу боюнча эң жакшы көрсөткүч Чүй облусунда – 98,7%, эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда – 69,4%.

Маалымдама: Республиканын маршруттук түйүнү боюнча 2019-жылга карата 1007 автобустук маршрут бар, алардын ичинде:

– эл аралык – 23 маршрут;

– шаарлар аралык – 292 маршрут;

– шаар четиндеги – 410 маршрут;

– шаардык – 282 маршрут.

Жол инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар Ирригациялык түйүндөрдү өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иштер уланууда.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикада кошумча 730 га жаңы сугат жерлери киргизилип, 1394 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу иштери жүргүзүлдү. Объекттерди куруу уланууда. Алар аяктаган соң 1541 га жаңы сугат жерлери киргизилип, 4327 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: