“Айылдагы мугалимдер саанчыларга жана чабандарга окшош”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова (КСДП) кечээ, 4-октябрда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында.
Анын айтымында, өз алдынча даярдануу менен окушкан 10-11-класстын окуучулары мугалимдердин төмөн билим деңгээлине күлүшөт.
«Алар программада болгон нерсени гана билишет, темадан башка суроо берсең, эмне деп жооп беришти билбейт. Мага, айылдарда мугалимдер аттестация өтпөйт деп айтышты. Алар акча чогултуп, жылкы союшат, ушуну менен баары бүтөт. Билим берүүнүн реформасы мына ушундай! Мурда мугалимдер кандай эле? Азыр болсо мектепке барсаң, мугалимдер саанчылар менен чабандарга окшош. Аларга туура кийингенди үйрөтүү керек, форма киргизилиши керек. Мугалимдер аларды окуучулар сыйлабай жатышканын айтып даттанышат, бул үчүн жок дегенде мугалимдер өзүнөн башташы керек да», – деди Жылдыз Мусабекова.
Булак: turmush.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ