Menu

Тажикстанда адвокат Ёров 23, Махкамов 21 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү шаарынын соту 6-октябрда жактоочулар Бузургмехр Ёровду 23 жылга, Нуриддин Махкамовду 21 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Соттун чечимине ылайык, эки адвокат тең жаза мөөнөттөрүн катаал режимдеги абакта өткөрүшөт.

Мамлекеттик айыптоо 19-сентябрда соттон жактоочулардын бирин 25, экинчисин 23 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Ал соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө айыпталуучулардын күнөөлөрү толугу менен далилденгенин белгилеген.

Нуриддин Махкамов дагы, Бузургмехр Ёров дагы соттогу акыркы сөздөрүндө тагылган айыптарды четке кагышып, кылмыш иштери саясий негизде козголгонун айтышты. Өкүм чыгардын мурдагы күнү бир канча укук коргоо уюмдары менен жактоочулар, ошондой эле АКШ менен Улуу Британиянын өкмөттөрү жана Human Rights Watch тажик бийлигинен адвокаттарды эркиндикке чыгарууну талап кылышкан.

Тажикстан ИИМнин маалыматы боюнча Бузургмехр Ёров «алдамчылыкка» жана «документтерди жасалмалоого» айыпталып камакка алынган. Өткөн жылдын декабрында тергөө органдары аны Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча айыпташкан.

Бузургмехр Еров Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын соттолгон мүчөлөрүнүн жактоочусу болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: