“Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда, Кыргызстанда бизнес баштаганга жеңил. Борбордук Азия боюнча долбоорлорду кеңейтүүгө жакшы тесттик полигон болуп бере алат”, – дейт Тажикстан менен Чехиядагы Skyland компаниясынын директору жана Р and R холдингинин негиздөөчүсү Темур Рахимов. Буларды ал өткөн апта аягында Бишкекте өткөн инвестициялык форумда айтты.
“Кыргыздардын менталитети ушундай экен, жаңыны тез кабыл алышат, ошонун натыйжасында рынокко жеңил кирип кетесиң. Анын үстүнө мамлекет да тоскоолдук жасабайт. Компания ачканга оңой, мыйзамдар иштейт. Кыргыздар кызыктуу идеяларга бай, аябай ишкер калк экен”. – деп Т.Рахимов кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ