Кылмышкерлер менен күнү-түнү күрөшкөн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кесиптик майрамын белгилешти. Албетте, ары кооптуу, ары жооптуу бул кызматта иштегендердин түйшүгү оор экенин билебиз. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өтө жөнөкөй шаан-шөкөттү анча жактыра берчү эмес эле, бирок кол алдындагылар май көл, сүт көлдү аябай жактырышат экен. Маселен, Өзгөн райондук из кубарлар кесиптик майрамын белгилешип, тойго айлантып жиберишиптир, Жүз элүү кишиге жылкы, 10 чакты кой союлуп, конвертин көтөрүп куттуктап келишкендердин аягы той бүткөнчө үзүлбөптүр. Муну ошол тойго баргандар эле айтып келишти. Кесиптик майрамын шылтоологон из кубарлар жакшы эле акча топтоп алышты дегенди. Кашкар мырза мына ушуга окшогон кол алдындагы ээн баштардын тизгинин тартып койсо болмок. Министрлик да мынчалык дүңгүрөтө той берип белгилеген жок эле, Өзгөндөгү тойго күбө болгондор Көкөтөйдүн ашы болду дешип шыпшынышууда.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ