Саясатчы Азимбек Бекназаров коомдогу саясий абал тууралуу акыркы учурларда көп жолу маек берип, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев экөөнү тең сыртынан шыбап келе жаткан. Убактылуу өкмөт учуру тууралуу айтканы менен Кадыржан Батыровду ким качыргандыгы тууралуу маселеден негедир кыйгап өтүп кетчү. Көрсө жашыра турган иттин өлүгү так ошол жерде экен. Аны “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде сепаратист Кадыржан Батыров өзү бышыктап: “Мени Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков сыртка чыгарган” – деп айтып таштады. Демек эми башкы прокуратура биринчилерден болуп ушул эки саясатчыны суракка алып, айыптуу катары да табышы ыктымал. Буга эми Азикебиз эмне деп жооп табаар экен, күтө туралы…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ