Menu

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Мен саясый күч топтоп жатам”

Бөлүшүү:

 

Шайлоо сайын саясый майданга “жарк эте” чыга келген, кыргыз кыртышына сиңбеген идеяларды айтып көнүп алган Темирбек мырза менен учур кырдаалы боюнча азыноолак кеп козгоп, ал-абал сураштык.

–Темирбек мырза кандайсыз? Саясый майдандан көрүнбөй кеттиңиз? Не иштер менен алектенип жүрөсүз?

–Кудайга шүгүр, өзүбүздүн иш-аракет менен жүрөбүз. Азыр Астанадамын, буюрса алдыдагы демалыш күндөрү Бишкекке келип калам.

–Кыргызстанда саясат кызыганда сыртта жүргөнүңүз кандай? Бийликтин Башмыйзамды өзгөртүү тилегине каршы чыгып жаткан оппозициядагылардын курултай, жыйын, тегерек столдоруна катышпайсызбы?

–Жо-ок, анткени, аларда ич ара ынтымак болбойт. Ар кимиси өз ой пикирлерин айтып тарап кетишет.

–Өзүңүздө алдыда кандай саясый пландарыңыз бар?

–Мамлекеттин саясатын жалпы коом кызыкчылыгына буруу менен экономикалык сунуш багытындагы программаларды саясый денгээлде көтөрүп чыгам. Ошол багытты коргогон адамдардан саясый күч топтоп жатам. Ал эми бири-биринин саясый таасирин, жеке кызыкчылыктарын коргоо максатындагы бийлик арасындагы талаш-тартыштарга аралашуудан алысмын. Бул терс көрүнүш Кыргызстанды эгемендүүлүктү алгандан бери эле уланып келе жатат.

–Сиздердин партия алдыдагы жергиликтүү жана Бишкек шаардык кеңешине болчу шайлоолорго катышабы?

–Парламент менен Ош, Бишкек шаардык кеңештери эч нерсе чечпегенден кийин, азыркы калп саясаттагы шайлоолорго катышуунун кажети деле жок. Кээ бир аймактардагы партиянын мүчөлөрү өздөрү демилге көтөрүп кааласа, аларга уруксаат бердик.

–Маселен, сиз буга чейин 3 ирет ири шайлоого катышып, жеңишке жетпесеңиз деле “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп, кайра-кайра катыша бересиз го. Ошол шайлоолорго аттанганыңызда сиздин командаңыздагы сиз менен кошо жүрүп, сатып кеткен кыргыз саясатчылары болдубу?

–Саясатта өтпөй калган партия жеңилбейт, бийликтин эрежесине баш ийген партия жеңет. “Важно и правильно отстаивать свою позицию до конца, только тот в конце победить” деген кеп бар. Албетте, өзүлөрүнүн саясый түшүнүк деңгээли төмөндүгүнөн партиядан кеткендер көп болду. Чыныгы эл үчүн деген адамдар аз болот. Бул да болсо чоң сыноо.

–Алдыдагы президенттик шайлоого дагы деле катыша бересизби? Көнүп деле калдыңыз го?..

–Убагында шайлоого катышып, коомго аралашып, жүзүңдү көрсөтүп, саясый багытыңды элге жеткирип, элге таанылуу кадамын басып өтүү керек. Ошондуктан, сыртта жүрүп, мени коомчулук тааныбастыгын түшүнүп, шайлоо процесстерине катыштык. Албетте, шайлоонун жыйынтыгы шайлоого чейин далилденет, ар бир саясый күчтүн таасирине жараша. Азыр сапаттуу саясый түшүнүгү терең адамдар менен жалпы коом кызыкчылыгын коргоо маселесин талкуулап жатабыз. Саясый кырдаалга, элдин кабыл алуусуна жараша, убагында чечим кабыл алабыз.

–Үч ирет ири шайлоого катышып, канча миллион каражатыңыздан айрылдыңыз?

–Эч нерседен айрылган жокмун, ал менин чет өлкөдө жүрүп тапкан эмгегимдин бир бөлүгү. Эң негизгиси, коомго таанылып, аз да болсо кыргыз элинде өзгөчө багыттагы жаңы саясый багыттын таасирин күчтөндүрүп, эңсеген ыймандуу максатыма жакындай баштадым. Эки ирет парламенттик жана бир ирет президенттик шайлоого катышканга кеткен каражат өзүмдүн жеке турмушума, үй-бүлөмө бери дегенде 50 жылга кенен жетмек. Негизи акчасын санап, жүрөгү ооруп саясатка барган адамдан кыргыз элин Кудай сактасын! Өмүрүңдү да аябай, тагдырыңды эл кызыкчылыгына арнабасан Кыргызстанды азыркы кризистен алып чыга албайсың. Пендечиликтен, мансапкорлуктан чыкпаган адамдар саясатка барса, анда элдин шору. Азыр кыргыз эли ошондон кутула албай, өтө кыйналып турган мезгил.

Калыгул Бейшекеев 

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: