Жакында Балыкчы калаасында Кочкор, Жумгал, Аламүдүн жана бүтүндөй Ысык-Көл облусунун карапайым тургундарын талап-тоноп, адал эмгектерин тартып алган 8 кишиден турган жырткыч сымал кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Оперативдүү иштерди ачууда Балыкчы ШИИББ башчысы Рустам Бекитаев тажрыйбалуу жетекчи экенин көрсөтсө, Аламүдүн РИИББ оперативдүү иштер боюнча орун басары кылмыштуу топтун жүзүн ачууда негизги “кара жумушту” аткарган. Буга удаа Тоң РИИББ изкубарлары Кочкор району менен Ысык-Көл облусунан 100дөн ашуун бодо мал уурдаган ууруларды колго түшүрүштү. Карапайым эл бул иштерге 2014-2015-жылдары Кочкор РИИБ начальниги болуп турган эргулдун да тиешеси барлыгынан күмөн санашууда. Жогорудагы фактыларды ИИМ жетекчиси, генерал Кашкар Жунушалиев окуса кол астындагылардын алкачусун алкап, кашаңына сөгүш берип, шектүү МЕНТтердин артын каздырып көрөбү?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ