Кечээ, 27-апрелдин кечинде Москвадагы эмгек мигранттарынын бир бөлүгү бийликке кайрылуу жасашып, аларды мекенине алып кетүүнү суранышты. Алардын айтымында, колунда Москва-Бишкек каттамы боюнча авиабилеттери бар 400дөй жарандар 20-марттан бери, бир айдан ашык хостелдерде жашап, самолет күтүп жатышат. Арасында кош бойлуу келиндер да бар.
“Эмне үчүн Түркиядан жана Араб эмираттарынан биздин жарандарды ташып жатасыңар да, Москваны ташыбайсыңар?” – деп нааразыланышат эмгек мигранттары.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ