Menu

“Московский комсомолец”: Сариевдин баасы канча?

Бөлүшүү:

Эксперттер Темир Сариев президенттикке ат салышууда сатылып кеткенин айтышууда. Сариевди коммерциясыз элестетүүгө болбойт. Ал дайыма кызматын жана саясий абалын акчага айлантып келген. 80-90-жылдары партиялык кызматын коммерцияга айланткан Сариев – ашыкча эч нерсе жок, бир гана бизнес деген эрежени карманып келет.
Сариевдин айланасында түзүлгөн бүгүнкү абал бул эрежени тастыктап турат. Акыркы айларда Сариев шайлоо кампаниясын өтө начар жүргүзүп, штабдарынын көбү жабыла баштаган болчу. Эл арасында айтылган кептерге ылайык, талапкердин каражаттары түгөнүп, Сариев болсо өз персонасын сатып алуучуларды активдүү издеп баштаган, себеби карызга батып калган болчу. Анткени ал шайлоо кампаниясын өз каражаттарына жүргүзбөй, шайлоодон жеңишке жетсе келишим түзөрүн айтып чет жактагы тааныштарынан акча алган имиш. Же көп коротуп жибердиби же карызга аз суммадагы акча берип коюштубу, айтор акча суу дегендей эле, бат эле түгөнүп калган.
Жардам күтүүсүз жерден келди. Сариевге Сооронбай Жээнбековдун штабынан ортомчулар келишип, кол сунушкан. Ал баш тартууга мүмкүн болбогон сунуш болчу: 4 миллион доллар карыздарын жабууга жана СЖ уткандан кийин борбордун мэри кызматы. Бул каражаттарды акташ үчүн Сариев Чүйдөн Бабановдун добуштарын тартып алуусу керек.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, бул келишимдин демөөрчүсү айдоочулуктан баштап кызматынан чагылгандай тездик менен жогорулаган Илмиянов болгон. Мындай “колу ачыктыкка” эмне себеп болуп жатканы бештен белгилүү. Шайлоодогу утуш СЖ тарапта болбой, ийгилик Бабановго жылмайып жатканы далай аткаминерлердин түн уйкусун бузуп жаткан маалы. Бабановдун Төрөбаев менен биригүүсү болсо атаандаштардын баардык сценарийинин таш талканын чыгаргандай. Эгерде утулуп калышса аткаминерлерди багып келген бюджетке кол сала албай калышмак. Бабанов шайлоодон уткан соң мыйзамды бузган аткаминерлердин баарын тазалай турганын билдирген жана алардын көбү тор артына отуруп калуулары толук мүмкүн. Ошентип кол куушуруп отура бербестен, Сариевди сатып алууну көздөшкөн.
Натыйжада далай каражатты Сариевге берүүгө мажбур болушса дагы ал түндүктөн Бабановдун бир аз да болсо добушун тартып алат деп үмүт кылышууда.
Окуялардын мындай нукка бурулуусу Сариевдин штабында дагы бир топ өзгөрүүлөгө алып келди. Көпчүлүк кызматкерлер муну менен макул болбой, Сариев менен иштешүүдөн баш тартышты. Штаб жетекчиси Элмира Ибраимованын кызматтан баш тартышы башталышы гана болду. Чындыгында бир катар жооптуу кызматкерлер дагы штабдан кетишкен жана бул кызматкерлер сыйга татый турган кадамга барышты. Алар акчадан дагы баш тартышып, коркутууларга дагы туруштук бере алышты. Бул шайлоо күнүндө адамдардын өзүн кандай алып жүрүү керектигине бир мисал: коркпоо керек!
Бул схеманы уюштуруучулар кезектеги тобокелчиликке барып жатканын билишкен жок. Билимдин, интеллекттин жетишсиздиги аларды катуу тамашага салары турган иш. Себеби Сариев менен Жээнбековдун электоратын салыштырып болбойт. Бул схеманы ойлоп тапкандар экинчи тур болот деп ойлошууда, андай болгон күндө дагы адамдарды мурдагы өкмөт башчыларга добуш берүүгө мажбурлай албайсың. Сариев түндүктө шайлоого элди кызыктырып, алардын добуш берүүгө келүүсүн гана камсыз кылып бербесе, анын бул кадамдары Бабановго майдай эле жагат. Башкача айтканда биздин “интеллектуалдуу” кишилерибиз өздөрүнө көр казышууда. Эмне дейбиз, алардын кызматынан айрылып жатканын көрүп, кол чаап гана турабыз го.
Ал эми Темир Сариевге келсек, ал тууралуу унутуу керек. Бир учурдагы күчтүү саясатчы “саясий өлүккө” айланууда. Өзүнүн саясий жолун аныктай албай, жеке кызыкчылыгы үчүн тиги жээкке бир чыгып, бул атаандашка бир кол сунуп жүргөндөрдү саясий мүрзө күтүп турары кадимки көрүнүш
Керемкулов Жылдызбек

“Московский комсомолец” гезитинен кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: