Эл өкүлү Руслан Казакбаев Баңгизаттар менен күрөшүү мамлекеттик агенттигинин жоюлуп, анын функциясынын ИИМге берилиши туура эместигин айтып чыкты. “Коргоо кеңеши бул кызматты жоюу боюнча президентти жаңылыш жолго түртүп жатат, бул кызматты жойсок баңги менен алектенгендерди көзөмөлдөө кыйынга турат. Анткени баңгизатына каршы күрөшүү кызматы так ошол ИИМдеги наркобарондор менен аларды “крышовать” эткендерди кармап келген”, – деди эл өкүлү.
Ооба, ички иштерин реформалоо боюнча аракеттер жүрүп жаткан маалда чындап эле эл аралык баңгизаттарга каршы турган уюмдар менен тыгыз иштешип, материалдык-техникалык базасын чыңдап, майда-чүйдө баңги саткандар менен эмес, ири уюшкан баңги партияларын соодалагандарга каршы турган кызматты жоюу жаңылыштык болоор. Анткени буга чейин аталган кызмат сары изине чөп салып келген наркобарондор ИИМдеги айрым “тыңчылары” аркылуу изин жашырып кеткен фактылар бар…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ