Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Шаар бийлигин активдүү иштөөгө мажбур кылдык

Бөлүшүү:

Жакында ММК беттеринде Бишкекте көп деңгээлдүү парковканын курулушу башталгандыгы тууралуу маалыматтар тарады.

«Албетте, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын демилгелеринин бири – шаар ичинде көп деңгээлдүү парковкаларды курууну муниципалитет ишке ашыра баштаганы кубанычтуу. Унаа токтотуучу жайлардын жоктугунан улам жол жээктерине коюлган машиналардан келип чыккан көйгөйлөр арбын. Ушундан улам шаар жолдорундагы ылдамдык төмөн жана тар», – деп белгилейт Бишкек шаардык кеңешине  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин айтымында, анын партиялаштыры реалдуу ишке ашуучу долбоорлорду демилгелеп келишет. Ал долбоорлор бийлик структураларына жакшы дымак берип, ишке ашырууга аракет кылышууда.

«Биздин активдүү маалыматтык ишибизден улам, шаар бийлиги шаар тургундарынын реалдуу керектөө маселелери тууралуу көп маалымат алышууда. Жакында мэрия көп деңгээлдүү 18 парковканын болжолдуу картасын жайгаштырды. Бул өтө керектүү чечим. Биздин партия мындан ары дагы өнүгүүнүн эффективдүү жолдорун көрсөтүп турмакчы», – дейт  Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, өз учурунда Бишкек шаар башындагыларга мындай долбоор-катализатор катары партиянын дагы бир демилгеси – «Жарык шаар» болгон.

«Аталган долбоор «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан демилгеленип, бир нече ири шаарларда, калктуу аймактарда 2015-жылдан бери ишке ашырылып келет. Быйыл  Бишкек шаары сырткы жарыктандыруунун бюджетин 3 эсеге көтөрдү. Менин оюмча, «Жарык шаар» долбоору шаар бийлигин жарыктандыруу маселесине жакшы көңүл бурууга, бул багытта каржылоону күчөтүүгө түрттү. Көп деңгээлдүү парковкаларды курууда дагы ушундай жыйынтыктарга жетишээрибизге ишенем», – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: