Menu

Алматыда 20 миң киши жашаган кичирайон карантинге жабылды

Бөлүшүү:

Алматыда “Асыл Арман” ири турак жай комплекси коронавирус экинчи кишиден табылгандан кийин карантинге жабылды.

“Асыл Арман” комплексинде 20 миндей киши жашайт: 21 үйдө 5 миңден ашуун батир бар. 28-мартта ал жерде жашаган кыздан COVID-19 вирусу аныкталгандан кийин турак жайдын бир подъезди гана карантинге жабылган.

Жергиликтүү бийлик комплекстин коомдук жайларында дезинфекцияны күчөтүүгө, ушул райондун гана жашоочуларын тейлей турган амбулатордук жай уюштурууга убада берди.

Алматы облустук акимчилиги азык-түлүктөр аразан баада сатыларын, тургундар менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлөрүн, аймакты полиция курчоого алганын, күзөт үчүн аскерлер тартылганын билдирди.

Казакстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 435ке жетти, үч киши өлдү, 26 адам айыгып чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: