Menu

Президенттин Аппараты: Алмазбек Атамбаев айтылуу Кадыржан Батыров менен 2010-жылы Роза Отунбаеванын өтүнүчү боюнча бир гана жолу жолуккан

Бөлүшүү:

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы айрым макалаларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин  Аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү кайрадан төмөндөгүнү билдирет:  Алмазбек Атамбаевдин айтылуу  Кадыржан Батыров менен жолугушуусу бир гана  жолу 2010-жылы апрелде болгон. Бул жолугушуунун демилгечиси Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева болуу менен, өзүнүн биринчи орун басары А.Атамбаевден ошол кездеги өзбек улуттук-маданий борборунун лидерин кабыл алууну өтүнгөн.

Алмазбек Шаршенович бир канча жолу билдиргендей, К.Батыров менен ал жолугушууда этностук азчылыктардын өкүлдөрүн мамлекеттик кызматтарга тартуу өтүнүчү айтылган. Мындай проблема бар экенине негизинен макул болуу менен катар эле А.Атамбаев К.Батыровдун дарегине ал (К.Батыров) жетекчилик кылган  «Ватан» (Мекен) саясый партиясынын этностук белги боюнча түзүлүшүнө карата сынын айткан. Андан тышкары К.Батыровго  кыргызстандык өзбектерди бөлүнүүгө баштабоого жана парламенттик шайлоого этностук ураандар менен чыгуу сыяктуу опурталдуу  идеядан баш тартууга кеӊеш берген. Тилекке каршы, К.Батыров А.Атамбаевдин кеӊештерин укпастан, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан  башка тилектеш адамдарды таап алган. Жалал-Абад облусунун тургундары сепаратисттердин лидери менен кайсы саясатчылар кызматташканын, ошондой эле К. Батыров кылмыш жасап жатканда кайсы саясатчылардын жакын туугандары анын жанында болгонун жакшы билишет.

Ошол эле кезде ЖМКларда 2010-жылдагы окуялар тууралу көптөгөн маалыматтар, анын ичинде  К.Батыровдун интервьюсу Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жашырып келаткан бардык чындык эртеби-кечпи элге белгилүү болот деген Президент А.Атамбаевдин сөздөрүн ырастап жатат.

Ошону менен катар К.Батыровдун бир эле ЖМКга – „Эркин Европа“ Радиосу /„Эркиндик“ Радиосу» («Озодлик» өзбек кызматына жана  «Азаттык» кыргыз кызматына) өзбек жана кыргыз тилдеринде берген маектеринин мазмунунда кыйла дал келбестиктер бар экенин белгилөө керек.

Кыргыз тилинде аудио-видео версиянын жоктугу «Азаттык» кыргыз кызматы тарабынан атайы саясый максатты көздөп редакцияланган болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Атап айтканда, кыргызча жана орусча тексттеринде  Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү менен байланыштары болгону тууралу К.Батыровдун сөздөрүн редакторлор “тазалап” коюшканын эксперттер дароо байкашкан. „Эркин Европа“ Радиосу /„Эркиндик“ Радиосу» администрациясы «Азаттык» кыргыз кызматынынын жетекчилеринин саясый жан тартуучулугуна көӊүл буруусу зарыл экенин абдан маанилүү деп эсептейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: