Menu

Түркмөнстан Тажикстанга бараткан жүздөн ашык темир жол вагонун өткөрбөй жатат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Тажикстанга жүк алып бараткан 108 вагонду өткөрбөй, алар Түркмөнбашы, Сарахс, Мары, Талимаржан, Амударья жана Келиф станцияларында токтоп турушат.

Маалыматтарга караганда, вагондордо өсүмдүк майы, күйүүчү май, мрамор, ошондой эле алюминий өндүрүүдө керектелчү кокс сырьесу бар.

Тажик темир жол ишканасынан 108 вагон 8-февралга карата алынган маалымат экенин, бул сан күн сайын өсүп жатканын билдиришти. Ошол эле маалда мекемеден жүргүнчү ташыган вагондор эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатканын кошумчалашты.

​Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин эки өлкө стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашууга кол коюшканын, ага ылайык, эки тараптуу кызматташууда бири-бирине тоскоолдуктарды жаратпашы керектигин билдирди.

«Түркмөн тарап дале болсо эмнеге Тажикстанга келаткан жүктөрдү өткөрбөй жатканы боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Бир тууган эки өлкөнүн ортосунда мындай көйгөйлөр болбошу керек. 2017-жылы октябрда эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар эки бири-бирине тоскоолдук жаратпашы керек. Эки өлкө ортосунда кызматташтык тууралуу мындан башка дагы көптөгөн келишимдер бар», — деп белгиледи ал.

Түркмөн бийлиги былтыр августта дагы тажик жүк унаалары менен темир жол вагондорунун өз аймагы аркылуу өтүүсүнө тыюу салган. Анда жүздөгөн унаа иран-түркмөн чек арасында өтө албай туруп калган. Ашхабад анда дагы тыюулар боюнча эч кандай түшүндүрмө берген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: