Кечээ, 7-октябрда КР Транспорт министри Замирбек Айдаровдун шоопуру министрликтин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү Айнура Абдраевага кол салган. Бул тууралу 24.kg агенттиги билдирди. Бул жаңжал Коомдук кеңештин кезектеги жыйынынан кийин болгон.
Жыйындан кийин Айнура Абдраева министрликтин короосуна чыгып, министр Замирбек Айдаровдун кызматтык машинасын сүрөткө тартып алган.
“Мен муну кылмыш деп эсептебейм. Машина аябай кооз жана кымбат баалуу экендиги көрүнүп турат. Менин уулум ушундай машиналардын сүрөттөрүн жыйнап коллекциялайт. Ошондуктан мен уулум үчүн эле тартып алгам. Анан эле министрдин шоопуру капыстан кол салып, колумдан телефондумду жулуп ала баштады. Мени бурчка такап алып, коркутуп кирди. Мен араң дегенде анын колунан суурулуп чыгып, министрликтен сыртка чыкчу эшикти көздөй качтым. Айдаровдун шоопуру эшикти кайтарып турган кароолчуну кошуп алып жол тосуп, менин колумдан сумкамды жулуп алышты да телефонумду издеп, сумкамды тинтип киришти. Муну менен алар менин аялдык жана адамдык ар намысымды басынтышты”, – деп билдирди Айнура Абдраева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ