Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров кызматка минип жүргөн кара түстүү «Лексус 570» үлгүсүндөгү джип машинасынын 1010BZ мамлекттик унаа номери Кыргызстанда жол куруп жаткан Кытайдын «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясына таандык. Бул тууралу иликтөө жүргүзгөн 24.kg агенттигине КР Мамлекеттик каттоо кызматындагы булактары да тастыктаган.
Журналисттер Министр Замирбек Айдаров менен байланышканда ал эмне үчүн кытайлык жол куруу компаниясына таандык номердеги машинаны минип жүргөндүгү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле анын шоопуру министрликтин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү Айнура Абдраевага мамлекеттик машинаны сүрөткө тартып алгандыгы үчүн кол салган фактысы боюнча суроого да жооп берүүдөн качкан.
«Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы Кыргызстанда Бишкек-Торугарт унаа жолун, Түндүк-түштүк унаа жолун жана Ысык-Көл айланма жолдорун курууга катышкан кытайлык ишкана болуп эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ