Menu

Өзбекстан темир дарбазасын ачты

Бөлүшүү:

1-октябрь Кыргызстан менен коңшу Өзбекстандын турмушунда тарыхый күн болду. Анткени 1-вице премьер министр М.Абылгазиев жетектеп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарынын жетекчилери коштогон 130дан ашык адамдан турган кыргызстандык делегация Өзбекстандын Андижан шаарына  бир күндүк иш-сапар менен барып келишти.

Аларды Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий жетекчилер Ош шаарынын жанындагы “Достук” өткөрүү бекетинен тосуп алышты.

Бул сапар – эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бекемдеп, тоңуп бараткан ымаланы ээритүүгө багытталды. Чындыгында мурда базары менен мазары бир, соода-сатыксыз, алака-берекесиз жашай албаган эки элдин ортосуна темир тосмо орнотулуп, карым-катнашыбыз кан буугандай токтоп калган болчу. Ал тургай кошуналардын аскер күчтөрү биздин жерге “талаштуу аймак” деген шылтоону бетке кармап, мыйзамсыз басып кирген учурлар да көп кайталанып, тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен эмес, күчкө салып чечүүгө басым жасагандыгы да жашыруун эмес. Андан эки өлкөнүн карапайым жарандары жабыр тартты.Бирок эч кайсы диктатура түбөлүктүү болбостугу белгилүү. Чындыгында кошуналар койнун мынчалык кенен ачат деген ой түшүбүзгө да кирген эмес. Минтип Кыргызстанга 10 жылдан ашык убакыттан бери салкын мамиле кылган кошуналар, музду ээритүүгө өздөрү киришип, алгачкы колду сунуп жатышы кубанарлык.

Кыргыз делегациясын тосуп алган А. Икрамов: “Биз азыр Кыргызстан Өкмөт башчысынын 1-орун басары баштаган делегация менен чегарада турабыз. Бул жолугушуу чегара маселесин чечүүгө түрткү берүүчү жолугушуу болуп калмакчы. Чегара – чегарачыларга, бажычыларга гана тиешелүү болушу керек. А карапайым элге ал эч кандай көйгөй болбош керек”,- деп агынан жарылды.

Ал эми түштөнүү учурунда Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов  мындай деди: “– Урматтуу бир тууган, кыргыз боордоштор, достор! Ынтымакты, достукту бекем туткан Анжиянга куш келипсиздер! Мына бүгүн эртеден бери учурашып, баарлашып, аңгемелешип жатып, биз бири-бирибизди абдан сагынганыбызды түшүнүп жатабыз. Биз бири-бирибиз менен мамилебизди өтө бекемдешибиз керек экендигин аңдап жатабыз. Ушул биримдигибизге эч качан көз тийбесин! Арабыздагы мээрбандык, бурадарчылык, аке-үкөчүлүк ымалабыз эч качан эч бирибизден кетпесин. Урматтуу премьер-министрибиз жана президенттин милдетин аткаруучу Мирзиёев Шавкат Миромонович бүгүн эртең менен телефондон сүйлөшкөнүбүздө да “кыргыз боордошторду өтө жылуу, жарык жүз жана ачык-айкындык менен тосуп алгын” деп эскертти. “Кыргызстандын облус жетекчилери, акимдер менен учурашканда, биринчи жолу көрүшүп жатсаң да аке-үкөдөй болуп көрүшкүн” деп айтты. Буюрса, бүгүнкү күн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилени бекемдей турган күн болуп калат”.

Демек, эки эл саясаттан, соода-сатыктан мурда бири-бирибиздин достук мамлебиз менен жылуу сөзүбүзгө суусап калыптырбыз. Ал эми учурда Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан, премьер-министр Ш. Мирзиёевдин ушундай жылуу сөзүн он жылдан ашык миңдеген кыргыздар менен өзбектер зарыгып күткөн болчу.

Бир күндүк сапарда кыргызстандык делегация Анжияндагы билим берүү, маданий мекемелерге барышты. Бабур атындагы гүлбакта, Бабур музейинде, Анжиан мамлекеттик университетинде, “Достук үйүндө” жана жаңы эле реконструкцияланган Анжиян темир жол вокзалында болушту. Бул иш сапарда көпчүлүк эки өлкөнүн ортосундагы чегара маселени жөнгө салынышы керек деген үмүттөрүн айтып жатышты. Анткени бир канча убакыттан бери Өзбекстан бир тараптуу жаап алган болчу. Башкалардан да жергиликтүү тургундардын каалоосу ушул болду.

Кыргызстандагы өзбектер сыяктуу эле Өзбекстанда да көптөгөн кыргыздар жашашат. Албетте, алардын абалы кандай, тилин, маданиятын сактай алдыбы деген суроо ар бирибизди ойлонтуп келет. Кыргыз делегациясы “Достук үйүндө” болуп, Өзбекстандын Наманган облусунун Кыргыз маданий борборунун төрайымы Сурмакан Мамажанова сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алды. Ал 1997-жылдан бери ушул кызматта иштеп келиптир. “Улуттардын ынтымагын бекемдегендиги үчүн”- деп Ислам Каримовдон “Даңк” сыйлыгын алган экен.

Анжиян мамлекеттик университетинде 2003-жылдан бери Кыргыз филологиясы факультети иштеп келет. Бирден 4-курска чейин кабыл алып, учурда 69 студентти окутуп жатышыптыр.

Баса, кошуна мамлекетте спортко өзгөчө көңүл бурулуп, биздин КТРК мактанып жаткан спорт каналын алар эбак эле ачып коюптур. Риодогу өткөн олимпиадада бир эле Анжиян облусунан 10дон ашык спортчу медаль тагынып келишиптир. Өзбекстан алардын алдыңкыларына 200 миң доллардан берген. Рио олимпиадасына катышып, өзүнүн салмагында кыргыз улутундагы Манзура Мамасалиева  6-орунду багындырып келген.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында “Кызматташууну тереңдетип өнүктүрүү боюнча” келишимге кол коюлду. Ага Өзбекстан тараптан Анжиян облусунун акими Ш.Абдрахманов, Наманган облусунун акими Х.Базаров, Фергана облусунун акими Ш.Ганиев жана Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси А.Халмурзаев, Жалал-Абад облусунун жетекчи орун басары М.Акматов жана Ош облусунун башчысы Т.Сарыбашев, Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдер кол коюшту.

М. Абылгазиев расмий жолугушуу тууралуу мындай деди: “Бул сапар, эки мамлекеттин ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдейт деп терең ишенем. Анан күн кадай тез өтүп кеткенин билбей калдык, бул деген – бири – бирибизди сагынганыбызды, мамилебиздин жылуулугун билдирип, кыргыз менен өзбек элинин бир тууган эл экенин көргөзүп атат. Ошол үчүн мен сиздерге жылуу кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем”.

Конокторду узатып жатып А.Икрамов мындай деди: “Биз, бул мемарандум бир нерсеге иштейт. Керек учурда Сиздер, укук коргоо органдары, депутаттар же жарандардын катышуусунда аймактык деңгээлде кайсы бир чегара маселесин чечүүгө жардам берет ишенебиз. А калган маселелер, тышкы иштер, эки тараптуу кызматташуулар боюнча өзүнчө кызматтар бар. Бул үчүн Эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери, министрлер кабинети, Өкмөт, анан биздин мамлекеттердин лидерлери бар. Мен ойлойм, ушул меморандум, көптөгөн аймактык көйгөйлөрдү, чегара маселерин, керек болсо конфликттик абал түзүлгөндө да эки тарапка пайдалуу кылып чечүүгө кызмат кылат”.

Ошентип эки өлкөнүн кошуна үчтөн облусттарынын жетекчилеринин өкмөт башчылардын орун басарларынын деңгээлдеги жолугушуулары жогорку деңгээлде өттү. Ал мындан ары мамлекеттик масштабдагы расмий иш чараларга жол ачарына жана көптөгөн көйгөйлүү маселелердин чечилерине жол ачарында шек жок. Белгилей кетүүчү жагдай, келечекте президент болору күтүлүп жаткан Ш.Мирзиёев кыргыздар өтө көп жашаган Жизак облусунда туулган жана кыргыз элин жакшы билип, мамилеси да түз…

Эмилбек Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: