Menu

Атасынын эмгеги бааланбай, ак жеринен күйүптүр…

Бөлүшүү:

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин Өкмөттүн тышкы иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген баласы Алтынбек Муралиев коңшу өлкөнүн кызыкчылыгына иштеп, мамлекеттик жашыруун сырды саткан деген негизде чыккынчылыкка шектелип, 22 жылга эркинен ажыратылган эле. Эми бул жагдайды айрым маалымат каражаттары Амангелди Муралиевдин баласы ак жеринен кесилип кетти, жогорку кызматтарда иштеген атасынын эмгегин деле баалашса болмок деген сандыракты жазышып, коңшу өлкөгө тыңчылык кызмат өтөгөн немени «ак карга» кылып көрсөтүү аракетин көрүүдө. Албетте, бул үчүн оңбогондой акча төлөнүп жатса керек. Болбосо мамлекетке чыккынчылык кылды делип соттолгон немени күнөөсүз кылып көрсөтүүгө болгон пиар жөн эле жасала бербейт. Эң эле өкүнүчтүүсү атасынын эмгеги бааланбай деген логика кантип акылга сыйсын? Демек атасы чоң болуп иштегендердин баласы чыккынчылык жасай бериш керекпи? Кудайды карасаңар боло!

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: