Menu

Алмаз Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев бүгүн, 8-октябрда Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Атамбаев Социалдык фонддун ишмердиги, пенсия менен камсыздандыруунун абалы жана пенсиялардын орточо көлөмүн 5173 сомго жеткирген октябрь айындагы жогорулатуудан кийинки пенсияларды төлөөнүн башталышы тууралуу маалымат алды. Ошентип, өткөн жылга салыштырмалуу пенсиялардын орточо көлөмүнүн өсүшү 110,2 пайызды, ал эми камсыздандырылган бөлүгү  116,3 пайызды түздү.

Теңизбек Абжапаров ошондой эле Атамбаевге  пенсияларды төлөм терминалдары аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берүүчү Социалдык фонддун өз  биллинг системасын түзүү боюнча иш башталганын жана электрондук отчеттуулук системасын киргизүү жөнүндө  айтып берди. Анын жүзөгө ашырылышы менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду электрондук санариптик кол коюуну пайдалануу менен кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алмаз Атамбаев мамлекеттин пенсионерлер алдындагы социалдык милдеттенмелерин сапаттуу, өз убагында жана толук көлөмдө аткаруунун зарылчылыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: