“Күнүгө 24 саат бою КТРден, 5-каналдан Конституцияны өзгөртүү туура эмес дегендерди Геббелстин методу менен каралап, шыбап жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайында депутат Алманбет Шыкмаматов.
“Азыр КТР деген “кара жащик” Нарындан, Оштон, Жалал-Абаддан атайын уюштурулуп даярдалган адамдар менен оппозицияны карандай калптар менен каралап жатат. Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдордун “Мегакомдо” үлүшү бар деген да карандай калп. Бул Фариддин бет тырмалыгы. Мегаком толугу менен мамлекетке карайт. Жакында көрөсүңөр, ошол Мегакомду талап-тоногондор ошол Атамбаев менен Фариддин тегерегинен чыгат”, – деди Алманбет Шыкмаматов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видеотасма Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ