АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстанда жашаган жана саякаттап жүргөн АКШ жарандарына жеке коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүү таратты:
Кыргыз Республикасынында мүмкүн болгон террордук кол салууга байланыштуу коопсуздук эскертмеси.
АКШ элчилиги Кыргыз Республикасында октябрь айынын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана чет элдик дипломаттарга каршы мүмкүн болгон адам урдоо жана барымтага алуулар менен коштолгон террордук чабуулдар болоору мүмкүн экендигин билдирген маалымат алды.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып АКШ жарандарына же алардын кызыкчылыктарына карама-каршы эч кандай белгилүү бир коркунучтар азырынча жок болгону менен, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги Кыргызстанда жашаган жана саякаттап жүргөн АКШ жарандарына жеке коопсуздук адаттарды иш жүзүндө эскертип, анын ичинде коомдук жайларда жана коомдук унааларда этият жана сак болууну, адамдар көп чогулган жерлерден оолак жүрүүнү эскертет.
Дайыма, өзгөчө кырдаалдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көрсөтмөлөрүн жолдоого жана ар кандай мүмкүн болгон коопсуздук кырдаалдардан жана потенциалдуу кооптуу деп эсептелген чөйрөдөн кабардар болуп, жеке коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маалымат каражаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-чара маалымат булактарынан кабардар болуп турууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ